“Той болор алдында кызымдын кабагына кар жаап...”
Мындан жыйырма жыл мурун кыз төрөп алгам. Өзүм үчүн төрөп, өзүм тарбиялап окутуп, эми турмушка узатарда кызым атасын сурап мени жарга такап турган учуру.
Мындан жыйырма жыл мурун 26 жаштагы жаш мугалим элем. Ал кезде жыйырма экиден ашканда “эр албай калды” деп “кара далы” болуп калчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде кесиптешимдин туулган күнү болуп калды. Кафеде ырдап-чоордоп отурдук. Бизге катарлаш столдо сымбаттуу жигит улам бизди карап жаткан. Акыры ал экөөбүз тааныштык. Ал күнү мени үйгө жеткирип койду. Кийинки күнү болжошкон жерден жолугуштук. Күндөр өтө берди. Ушул жигиттен төрөп алууну ниеттенип калдым. Ошентип кыска убакытка созулган сүйүүбүз да бүтүп, ал түп-орду менен жоголду. Кыздуу болдум. Ал жигит унутулду. Убакыт өтүп, кызым ал жигиттин көчүрмөсү болуп калды. Кызыма куда түшкөндөр да көп болду. Бирок кызымдын бактысына тоскоол болгум келген жок. Акыры бактысы боло турчу адамды да тапты. Той болоруна аз калганда кызымдын кабагына кар жаап, башкача болуп жүрдү. Көрсө, кайын журт тарабы атасынын ким экенин сурашкан экен. Кызыма атасы ким экенин айтып бере алган жокмун, болгону “атаңдын аты Баатыр” деген жоопту айттым. Эмнеге ал адамдын ким экенин үч ай ичинде бир жолу сураган эмесмин деп азыр өзүмдү жеп турган учур.