Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оор абалда Асанов “жоокерлигин” көрсөтсө, Жунушалиев таптырбай кетти

Оор абалда Асанов “жоокерлигин” көрсөтсө, Жунушалиев таптырбай кетти

16-октябрь, 16:28
1 358 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын милициясына сабак өтпөй калды. Мунун жетекчилери, действительно, “кашаң” экен. Сөздүн мааниси “жалкоо” деген нерсени түшүндүрөт. Терини кескенде ошонун калдыктарын да “кашаң” деп коюшат кыргыздар. Ушуну билсе Кашкар Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитин сотко бербейт эле да. Сот дагы кыргыздын нукура сөздөрүн билбейт тура, экспертизаны Семенова деген айымга тапшырыптыр, ал кайдан билсин? Билсе айтат эле го министирге: “Урматтуу генерал, “жалкоо” дегенге доо арыз берилбейт” деп. Гезитке 300 миң сом штраф салынды. Буга эмне дейли? То ли “макоочулук”, то ли “жалкоочулук”.

Ыңкылаптын толкуну көтөрүлгөндө, МВД менен ГКНБ жетекчисиз калды. Ушу күнгө чейин (10 күн өттү) табыла элек. “Апаптап” коелу деп издеп жатышат. Генпрокурор беш күндөн кийин табылды (токойго качып адашканбы). Совбездин башчысы сыркоолоп калыптыр (азыркыга чейин төшөктөн тура элек). Мындай учурда кыргыздын генералдары жашынып алышып, карта ойношобу, же “в прятки играть”. Мындай көрүнүштү “дезертирство” дейт. 6-октябрда экстремалдуу кырдал этишеби? Колунан келбесе, накта генералдар атынып өлүшөт.

Президент да Акүйдү тыштап кетти. Премьер-министр “отставкага” арызын жазды. Вице-спикер чогуу жазды. Спикер “жоголуп” калды (адрестерди жакшы билбейт). Өлкөнү башкара турган киши калбады. Оор малда “жоокерлигин” баягы эле генерал Курсан Асанов көрсөттү. Ал жашынмак ойногонду билбейт. Эл менен жерди коргогондон башка эч нерсени билбейт. Аянтка чыкты. Өмүрбек Суваналиев легитимдүү жетекчи катары аны милициянын имаратына жөнөттү. Ал жерге эки полковник менен барып (Алмаз Орозалиев жана Мирлан Каниметов) үч күн Бишкекти коргошту. Туруп беришти, мародерлордун жолун тороп, дружинниктерди уюштуруп.

Парламенттин “остаткалары” Садыр Жапаровду “алда, кокуй ай” деп үч ирет бекитишти (6-октябрда 37 депутатты табышты, 10 октябрда 51 киши чогултушту, анан 14-октябрда 80 адам менен бекитишти). Садыр Жапаров милициянын жетекчилигине бир полковникти тааптыр, ал атка тескери минип алып, Темирлан Султанбеков деген “Социал-демократтардын жаш өкүлүн жана Курсан Асановду каматтырдыОни организовали беспорядки в городе” деген шылтоо менен. Шылкыйган эле бир аргумент. Баягы эле абсурд. Жаңы премьер-министирге ушундай нерсе керек беле? Генерал Асанов Акүйгө штурм жасадыбы, анан ошол жерди өрттөп салдыбы? Атамбаев менен Бабановдун биргелешкен “армиясын” жетектеп, Жапаровдун “гвардиясы” менен салгылаштыбы? Жок, бир да жерден ошолор менен турганын көрбөдүк. Тергөөчүлөр эми эмне кылышат? Фейковый пакеттерди көрсөтүп, “мына, Атамбаевдин аялына акча ташып атат” дешеби? Абсурд.

Айыптоого реалдуу негиз болуш керек. Эскирген “сюжетти” колдонуп жатышат. Кой-Таштан кийин Асановго ушундай “сценарийди” уже жазышкан - “продал интересы милиции” деп. Экинчи сериясын башташабы? Бул жолу да “продал” что ли? Буга “дежурный предатель” деген наамды ыйгарды беле? Үнкүрдө жаткандар ушул генералдан ушунчалык коркушат экен. Ооба, Курсан үнкүргө кирбейт, себеби “кролик” эмес, алсыздарды баспайт, себеби “шакал” эмес, майдандан коркпойт, себеби “Исмаил” эмес (генерал Исмаил менен “не путать”, дерезтир Исмаилды айтып атам - “Бетме беттин” каарманын).

Өлкөгө түйшүк түшкөн учурда Асанов жубайынын этегин кармап олтурбайт. Обязательно ок атылган, кан төгүлгөн жерге барып, карапайым элди коргойт, мамлекетти сакташ үчүн төшүн тосот. Жошоонун мааниси буга ушундай түрдө ачылат экен. Анан арамдын торуна чалынып калат. Түйшүк тартат, бирок сынбайт. Бул жолу деле жеңилбейт дечи, но сколько можно издеваться. Акын Эсенгул Ибраев айткан “эски аңга” кайра-кайра кулай беребизби? Кезектеги бийлик өткөн бийликтин “эстафетасын” улантабы? Хватит уже. Жаңы бийлик да “продолжение следует” дегенди кылабы?

Ушундай болсо поэзиянын классиги Сергей Есениндин 1922-жылы жазылган ыры бизге ылайык болуп чыгат. “Страна негодяев” деп аталган поэманы жарыялаган. Сөздөрү мына. Оригинал.

Пришли те же жулики,

Те же воры,

И вместе с революцией

Всех взяли в плен.

“Жулики” деген сөз үчүн авторду жайлап салышкан. Которуп берейин.

Ошол эле шылуундар кайра келип,

Ошол эле уурулар колун салып,

Революциянын үстүнө минип алды,

Баарыбызды заматта туткундады

Жүз жыл мурун жазылган саптар. Эскирбеди. Глупый жолго түшсөк, анда аянтка чыккан инсандарды “за участие в беспорядках” деп баарын камаш керек: “Ата Мекенди”, “Мекенчилди”, “Республиканы”, короче говоря, “Бүтүн Кыргызстанды”. Ошондо бизде эки эле киши калат - премьер менен спикер. Президент “отставкага” кетти. Экөө эми оокатты кантип кылышат? Жок, эски ыкмалар жарабайт дешсе, анда экөө биригип Курсан Асановду милицияга министр кылышсын. Ушундай чечимге эл да, мамлекет да, табият да ыраазы болот.


Кубан Мамбеталиев

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер