Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Саясый туткундарды актоо Талант Мамытовдун колунда турат»

Бекболот Талгарбеков: «Саясый туткундарды актоо Талант Мамытовдун колунда турат»

03-декабрь, 11:19
1 757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот агай, саясый туткундар акталуу боюнча Жогорку сотко кайрылганыңарды билебиз. Сот отуруму 25-ноябрдан 8-декабрга эмне себептен жылдырылды? Негизи кандай чечим күтүп жатасыздар? 

-- Алгач, адилетсиздиктин кара туманы басып турган өлкөбүзгө 5-октябрда жарыктын шооласын тартуулаган мекенчил, эр жүрөк жаштарыбызга биз, саясый туткундар терең ыраазычылык билдиребиз! Алардын жеңишинин натыйжасында жаңы ачылган жагдайлар боюнча бизде Жогорку сотко арыз менен кайрылып, толук акталып чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Эске салсак, 2016-жылы агездеги президент Алмазбек Атамбаевди сындап койгонубуз үчүн анын башкы «жасоолу», улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев баштаган топ бизди – «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин беш мүчөсүн жалпы 49 жылга соттошкон. Кийинки президент Сооронбай Жээнбеков бизди жартылай актаткан. Биз ага ыраазыбыз, «толук актатпады» деген дооматыбыз жок. Бизди мыйзамсыз соттошкон тергөөчү, прокурор, судьялар менен «достошуп» алган Жээнбековдун бийлиги саясый туткундарды толук актай алмак эмес. 

-- Кайсы күнөөнү алып, кайсынысын калтырышты эле?

-- Бир сексоттун «Талгарбеков бийликти күч менен басып алабыз деп айткан»  деген бир ооз жалган сөзү менен «мамлекеттик төңкөрүш жасашмак» деп соттолгонбуз. Ошол күнөөнү Жээнбековдун соттору жокко чыгарышкан. Бирок, мурда Сегизбаев бизге кошумча айып илген болчу. Биз камалган 2016-жылдын 12-майына чейин КР кылмыш кодексинде «улуттар аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» деген 299-берене бар экен. Карамушкина баш болгон депутаттарга тапшырма берилген өңдөнөт. Алар биз камакка алынаар замат, бир ай аралыгында, атайын биз үчүн «аймактар аралык» деген сөздү ойлоп табышып, 299-беренеге кошумча киргизе салышкан. Ошол берене боюнча үчөөбүздү (мен, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов) соттошкон мөөнөт дагы эле мойнубузда каамыт болуп илинип турат. Сегизбаевдин «железный» далилине ишенсек, анда биздин «Атамбаев нарындыктарды малчысыңар, таластыктар эл эмес деп мазактаган» деген сын-пикирибиз «аймактар аралык кастыкты козутуп» салган имиш! Ушул сын-пикир үчүн үчөөбүз беш жылдан соттолуп, анын үч жарым жылын абакта күн көрбөй, күндүр-түндүр жабык камерада отуруп келбедикпи! Мындай зөөкүрлүктү, наадандыкты Гитлердин гестапочулары да жасабаса керек. 

-- Эми Жогорку сот адилет чечим чыгарарына ишенип турасыздарбы? 

-- Биздин арыздын чоо-жайын териштирүү үчүн мен алгач башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолуктум. Ал бизге карата саясый куугунтук болгонун сонун билет. Мен андан кандайча акталарыбызды тактадым. Ал «силер жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко түздөн-түз арыз берсеңер, анда алар өздөрү карап, толук актап коё алышат. Ошону менен бирге, башка бир мыйзамда «башкы прокуратуранын корутундусу керек» деп жазылып, карама-каршылык болуп калыптыр. Демек, эгер Жогорку соттун силерге көзү түз болсо, анда өздөрү эле акташат. Эгер бут тоскулары келсе, анда силердин ишти бизге же биринчи инстанцияга, райондук сотко жөнөтүшөт». Мен ага ишенбей коё албайм, анткени Курманкул Зулушев бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң күчтүү юристтердин бири. Андан соң мен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолуктум. Ага башкы прокурордун сөзүн айтсам, ал дагы макул болду. Бирок аны жана Зулушевди саясый туткундардын арызы боюнча президенттик аппаратка чакырып жатканын, негизги чечим ошол жакта кабыл алынарын айтты. Төрайымдын чындыкты ачык айтканына ыраазы болдум. Жаштардын 5-октябрдагы жеңиши сотторго да бир аз таасирин тийгизиптир. Калиеванын сөзүн өткөн жумада президенттикке талапкер Садыр Жапаров да ырастады. Ал соттор Акүйдөн гана буйрук, көрсөтмө алып чечим чыгарышары традиция болуп калганын жана учурда да андай практика бузулбастан уланып жатканын баса белгиледи. Демек, бүгүнкү күнү саясый туткундардын акталуу маселеси толугу менен президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун колунда турат. 

-- Ал кандай көрсөтмө берет деп ойлойсуз? 

-- Эгер бул күндөрү төраганын «настроениеси» жакшы болсо, анда Жогорку сот бизди толук актоо боюнча чечим чыгарат. Ал эми «настроениеси» начарлап турса, анда Жогорку сот бизге карата мурда үч инстанция чыгарган айыптоо өкүмдү жокко чыгарып, биздин ишибизди кайра териштирүүгө биринчи инстанцияга (райондук сотко) жөнөтөт. Кыргызстандагы сот системасындагы анык абал, ачуу чындык ушундай. Учурда биз төрага Талант Мамытовдун «настроениеси бузулуп калбаса экен» деп күтүп отурабыз. Ал эми сот отуруму 8-декабрга жылдырылганы судьялардын бирөөсүнүн ооруп калганына байланыштуу болду. 

-- Ийгилик каалайбыз, агай! Чындык үчүн күрөшүп, зордук-зомбулукту, азап-тозокту далай көрдүңүздөр, бирок сындыра алышпады. Эми акыйкаттык болоор. Кошумча суроом бар эле, алдыда президенттик шайлоо келатат. Сизди кайсы талапкердин командасынан көрөбүз?

-- Жыйырма жыл мурда Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштеп, ал жакта айрым тың жаштарды мамлекеттик иштерге тартып, тарбияладым. Шакиртим Камчыбек Ташиев учурда улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кызматында татыктуу иш алып барууда. Эгер ал президенттик шайлоого катышкан болсо, анда анын штабын өзүм жетектемекмин. Эми жеке симпатиям президенттик шайлоого аттанган дагы бир шакиртим Курсан Асановдо болуп турат. Аны лейтенант кезинен полковникке чейин тарбиялап өстүргөм. Полковниктен генералдык даражага өз эмгеги менен жетти. Бирок биздин айрым экс-губернаторлордун ынтымак тобу бар. Ал топ «талапкерлер программаларын жарыялаганда талдап көрүп, ошого байланыштуу татыктуу бир талапкерге чогуу жардам берели» деп өз ара алдын ала макулдашканбыз. Соңку чечимди жакында кабыл алабыз.

-- «Президенттик шайлоодо жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү чоң» деп бааланып жаткан Садыр Жапаровдун командасына кошулбайсыңарбы?

-- Жок, кошулбайбыз. Анын берилген күйөрмандары «булар дагы эле тирүү жүрүшөбү?» дешип кыжырлары келет да. Садыр инибизге проблема жараткыбыз келбейт. Биз башка талапкерге жардам көрсөтөбүз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер