Акыркы кабарлар
» Коом » Москвада 90 жаштагы генерал-майор өз жанын кыйды
Москвада 90 жаштагы генерал-майор өз жанын кыйды
15-июнь, 19:11


Москвадагы Новаторов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу батирден 90 жаштагы генерал-майор Лев Соцковдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "112" телеграмм каналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денесин анын жубайы тапкан. Генерал-майор өз жанын кыйганы айтылууда. Анын жанынан кат жана жеке пистолети табылган. Учурда окуя болгон жерде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.










