Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров министр Улан Ниязбековго кандай тапшырма берди?

Садыр Жапаров министр Улан Ниязбековго кандай тапшырма берди?

01-октябрь, 10:52
2 554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү боюнча алдыртан камылга көрө баштады. Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук-коопсуздук абалды тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамдуулук, тартип боюнча тапшырма берди. Бул саам шаар, аймактарда административдик ресурсту колдонууга, добуш сатып алууларга катаал жазалар колдонулары айкын болду. Албетте, мыйзамдын алкагында... Эгерде шайлоодо өзгө-жатка бөлбөй баарына бирдей шарттар коюлуп, эл колдогон партия, талапкерлер Жогорку Кеңешке таза жеңиште келишсе, өлкөдө туруктуулук камсыздалат. Дал ушул өңүттөн Садыр Жапаров акыйкат жолду көрсөтүп берсе, былтыркы, дегеле мурдагы “шайтан оюндарды” кайталашпаса, анда бийликтин да пайдубалы бекемделет. Дүйнөлүк алкакта да мамлекетибиздин аброю жогорулайт эмеспи. Ал эми парламентке чыныгы тандоонун негизинде келишкен депутаттар ансыз деле президент менен кызматташууга кызыкдар болушат. Эмесе, ийги жагын эстен чыгарбай, аягына чейин үлгүлүү жолду улантууга батынышса... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер