Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Күч органдарынын чагымчылыгы Момбековдун кадырын көтөрдүбү?
Күч органдарынын чагымчылыгы Момбековдун кадырын көтөрдүбү?
23-июнь, 17:07

“Чимкирик” депутаттардын арасынан Рыскелди Момбеков чындыкты айтканы менен өзгөчөлөнүп, саясый рейтинги алдыга кеткени белгилүү эле. Мындай шартта чалып жыгуу кыкеңдердин эски өнөрү эмеспи... Кечээ Таластан эл өкүлүнө күч органдарынын тымызын уюштурган чагымчылыгы жасалып, кесепети тетири кеткени ушулбу? Беткапчан белгисиз жаран сөгүп-сагып, кол салууга аракет кылганы коомчулуктун итиркейин келтирди. Тескерисинче, Рыскелди Момбековдун кадыры кайтыш болбой эле эселеп өсүп кеткени, коомчулук астында ага карата атайын уюштурулган жийиркеничтүү көрүнүшкө каршылык көрсөткөндөр арбыды. Натыйжада, бийлик жагымпоздорунун тилектери таш каап, саясый упай Рыскелди мырзага ооп кеткени даана байкалды.
Aryba.kg