Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Вирус күчөйт, ооругандар өтө тездик менен көбөйөт”

Айбар Султангазиев: “Вирус күчөйт, ооругандар өтө тездик менен көбөйөт”

30-апрель, 10:48
1 204 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда коронавирустун ар кандай штаммдары чыгып атпайбы. Алардын бири-биринен айырмачылыгы, жайылышы тууралуу айтсаңыз?

-- Башка өлкөлөргө байкоо салсак, учурда эң көп жайылган 4 штамм бар. Алар британиялык, түштүк африкалык, бразилиялык жана индиялык штаммдар. Алардын ичинен британиялык, африкалык штаммдардын жугуу жолу күчтүүрөк. Булар 10 адамдын ичинен бешөөнө жугуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экен. Акыркы маалыматтарды алсак, индиялык штамм башкача мутацияланган дешүүдө. Башкача айтканда, ал вакцина алгандарга деле же антителасы барларга деле жугуп калышы толук мүмкүн экен. 

-- Индияда вирус күчөп4 мүнөттө бирден адам каза болгону маалымдалууда. Эксперт катары оорунун ал жакта мынчалык күчөп кетишинин себептери деп эмнелерди белгилейсиз? 

-- Индиялык штаммдын мутациясы күчтүү болгон үчүн көпчүлүк адамдарга тез эле жугуп калууда. Ага кошумча, биринчи толкун өткөндөн кийин Индиянын экономикасы да башкалардыкындай эле төмөндөп кетти. Ошентип, аларда эрежелерди сактоо, карантин киргизүү деген нерселер жеткиликтүү каралган жок. Жыйынтыгында, азыркы оор абалга кептелишти. 

-- Бизде вирустун мутацияланган учурун аныктоого мүмкүн болбой, анализдер Англия менен Россияга жөнөтүлүп атпайбы. Ошону аныктоочу адистерди даярдоо, керектүү аппарат сатып алуу кыйынчылык жаратабы?

-- Штаммдарды өзүбүздөн кароо үчүн лабораториялык жабдыктар болуш керек. Алар абдан кымбат турат. Бизде болгону эки аппарат бар. Алар аркылуу штаммдарды аныкташ үчүн реагенттер кымбат. Даяр адистер жок. Ошондуктан башка мамлекеттерге жиберип, аныктап алган арзан жана оңой түшөт. 

-- Май-июнь айларында вирус күч алары болжонууда. Былтыр дагы ошол учурларда күчөдү эле. Быйылкы учурда оор болору айтылууда... 

-- Вирус сөзсүз күчөйт. Официалдуу түрдө көп катталбаганы менен үйлөрүндө ооруп жаткандар да аз эмес. Штаммдардын циркуляциясына жараша эпидемия өсөт. Эгерде азыр чет өлкөлөрдө жайылып аткан штаммдар бизде пайда болуп калса, анда ооругандар өтө тездикте көбөйөт. Менин божомолум боюнча ушул же эмки аптанын аяктарында ооруканаларда орундар жок калат. Ошентип, убагында тийешелүү медициналык жардам алалбай калгандар көбөйө берет.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер