Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмирлан Зарылбек уулу милицияга тескери сөз тийгизип, артка тартканы өкүнүчтүү

Эмирлан Зарылбек уулу милицияга тескери сөз тийгизип, артка тартканы өкүнүчтүү

18-май, 09:00
1 083 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Октябрь РИИБнин начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууганы Э.З. героин менен кармалганы жарыяланды. УКМК кылтакка илиптир. Мындай жагдайда Эмирлан Зарылбек уулу кызматынан кетиши шарт эле. Мыйзам, моралдык жоопкерчилик тебелендиби? Укук коргоо органынын жетекчиси түкшүмөл жаратса, коомчулукка кайсы үлгүнү көрсөтөт? Булардын бир кездеги Таластагы “жаңжалы” өзүнчө кеп кылууга арзыйт... А баса, Эмирлан Зарылбек уулу мурдагы бийлик тушунда Сооронбай Жээнбековдон сыйлык алган. Убагында өздүк курам мындай ийгиликке таңгалган жайы бар. Көрсө, Кой-Таш окуясында Кашкар Жунушалиевдин көрсөтмөсү менен ИИМге кармалган жарандарды дал ушул эргул сабап, кордук көрсөткөнү Сокеге жакканбы? Алга Кылычев таяк жегенин, “пыткага” кабылганын жазып чыккан. Башкалар да соцтармактан арызданышканы эсибизде. Кыскасы, кайсы жагынан караба, Октябрь РИИБнин начальниги артынан сөз ээрчитип, же ишин тыңдай албай, милицияны артка тартып атканы өкүнүчтүү. Жардын кырына келип калды окшойт... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер