Эрнест Карыбеков: “Кыштан чыгабыз, бирок акыбал системалык түрдө оорлоп баратат”

-- Электр энергиясындагы көйгөй жыл өткөн сайын жогорулоонун үстүндө. Бул кризистен чыгуунун жолдору барбы?
-- Кыштан чыгабыз, бирок акыбал системалык түрдө жыл санап оорлоп баратат. Эгер 10 жылда бир кризис болсо бир жөн, биз кыш сайын ушундай абалга тушугуп, “кыштан кантип чыгабыз?” деп эле кооптонуп калдык.
Электр энергия тармагы системалык кризиске учурап, энергетика тармагы эле эмес экономикада дагы структуралык кризис болуп жатат. Ошон үчүн муну системалык түрдө чечүү зарыл.
Биз энергетиканы үй катары элестетсек, фундаменти урап кеткендей эле. Урап кеткен соң дубалдарын, терезелерин, чатырларын оңдосок деле ал үй кулайт. Ал эми энергетиканын фундаментин түзгөн базалык электростанциялар курулбай калган. Базалык электростанциялар 1000 мигабаттан жогору, же миллион киловаттан турат. Базалык электростанциялар деп Бишкек жылуулук электр станциясы жана Токтогул ГЭСин айтсак болот. Завод, фабрикаларыбыз жок болгон сайын элдин өзүнө керектөөгө электр энергия алып, базалык ордун жоготуп жибердик. Ошондуктан бизге катуу суукка чыдай турган кубаттуулук керек. Бирок, мындай жогорку кубаттуулуктагы электростанциялар курулбай, кризиске учурап жатабыз. Ошол кризистен чыгуу үчүн базалык электростанцияларды куруу шарт. Ошондо биз экономикабыздын, энергетиканын фундаментин бекемдеп алабыз. Биринчиден, арзан болот. Шамал, күн, гидро, Таластагы Баласаруу деп чакан ГЭСтерди ачып алышкан. Бирок нарк баасы эки-үч эсе жогору. Шамал, күн станциялары андан да жогору. Ошон үчүн модага, Батышка карабайлы. Аларда биздегидей кыш жок. Бизде Нарында 1970-жылдары -57 градус суук болгон. Анан да аймактарда кыш октябрдан баштап апрель айына чейин, алты айга созулуп кетип жатат. Же болбосо атомдук электростанцияларды курсак, алардын нарк баасы арзан болот.
Ток этер жери, бүгүнкү кышта Бишкек электр жылуулук станциясынын кубаттуулугун көтөрүү зарыл. Энергияны Түркмөнстан берсе дагы ал Өзбекстанга, Өзбекстан Казакстанга, Казакстан бизге берет. Борбор Азия мамлекеттеринин энерготутумдары өздөрүнүн кубаттуулугу боюнча нөлдүк баланс менен иштешет, б.а., канча кубаттуулук чыгарса, ошончо кубаттуулукту пайдаланышат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити