Аскар Акаев экс-президент макамын алууга татыктуу


Кийинки жумада Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы Жогорку Кеңеште каралат. Бул боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, негизинен жумурткадан кыр издегендер жана айрым саясый күчтөр кычаштык кылышты. Сын-пикир жазуу иретинде. Ал эми аныгында, Акаевдин артында кылмыш иши жок болсо, тунгуч президент катары мамлекетке эмгек сиңиргени, оор кезеңде элибизди ачарчылыктан алып чыгып кеткени менен эсибизде калган. Эгемендүүлүктүн баштапкы жылдарынан тарта өлкөнү өнүгүү жолуна салып, сөз эркиндигин, адам укуктарын, демократияны камсыздаганы алкышка татыйт! Андан кийинки келген президенттерди көрдүк да, кан төгүшүп, адам эркиндиктерин тепселешип, ошого катар мурда болуп көрбөгөндөй коррупциялык жолго түшүштү. Салыштырмалуу Аскар Акаевдин башкалардан жылдызы жогору жанары шексиз. Демек, ал экс-президент макамын алууга толук кандуу татыктуу!
"Азия Ньюс" гезити











