Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейтек Качкынбай: "Айрым чоң партиялардын электоратын ээрчитип кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар"

Сейтек Качкынбай: "Айрым чоң партиялардын электоратын ээрчитип кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар"

03-июль, 19:04
1 284 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сейтек мырза, акыркы чакырылыштагы депутаттар иш жыйынтыктап жатышат. Эмнеси эсиңизде калды?

-- Бул жолку чакырылышта эл үчүн иштөөгө далалаттанган беш-алты депутат болду. Калгандарын, айрымдарынын жүзүн да тааныбайт экенбиз. Кээде теледен көрүп калып, “ушундай депутатыбыз бар беле?” деп таңыркаган учурлар көп эле учурайт. Бир сүйлөмдү окуй албай шылдың болгондору да көп болду. Чет элдикин эмес кыргызча сөздөрдү да жөндөп окуй албагандар чыкты. Бул чакырылыш чабалдардын көптүгү менен эсибизде калды. Элдин мүдөө-каалоосу менен келбей, көпчүлүгү жеке кызыкчылык менен келишти. Эми кете тургандарды эмес, “кантип "чимкирик " депутаттарды Жогорку Кеңешке алып келбешибиз керек? Эмне үчүн татыктуулар келбей жатат?” деген көйгөйлөр ойлондурушу керек. 

-- Келүүгө күрөшкөн жаштар көп, алардын мүмкүнчүлүгү кандай?

-- Демократиянын үч критерийи бар. Биринчиси – шайлоого катышуу, экинчиси –саясый атаандаштык, үчүнчүсү – сөз эркиндиги. Азыр саясатка катышуу, депутаттыкка аттануу бир топ чоң тоскоолдуктардан туруп жатат. Саясатка катышуу ар бир атуулдун кадыресе иши болушу керек. Бир топ саясый тоскоолдуктардан улам атуулдар шайлоого катышуу укугунан ажырап турат. Биринчиден, шайлоо кодексинин аябай татаал, оор экенин көрүп жатабыз. Экинчиден, шайлоого коюлган күрөө 5 млн. сом болуп жатат. Бул Бишкектеги чоң элиталык квартиранын баасы. Же болбосо буга 15-20 автоунаа сатып алса болот. Айнуру Алтыбаева “бул акчага бир автоунаа деле келбейт” дейт. Мындай акчаны 50 миң долларлык автоунаа минип жүргөндөр тоготпойт. Ал эми карапайым адамдарга оор. 7%дык босогого токтолуп жатышат. Бул жүрөгүндө жалыны бар жаштар же чыгармачыл, мекенчил адам баралбай турган чек. Жок эле дегенде 140 миң адамдын добушу керек экенин көрсөтүп жатат. Эң чоң тоскоолдук – демократиянын эң чоң критерийинин бири болгон шайлоого катышуу критерийи бөгөлүп турат. Бул жолу да шайлоо оңой болот деп айтуу кыйын. Эл пандемияга байланыштуу дагы жакырлана түштү. Ошондуктан  дагы деле 1000 сом, 1500 сом болобу, акча таратуу күчүндө болот. Акчага добушун саткандар дагы деле азайып кетет деп айта албайм. Бир мүмкүнчүлүк бар, себеби, бул жолу шайлоого Өмүрбек  Бабанов катышпай калып жатат. Дагы бир нече партиялардын абалдары, позициялары мурдагыдай эмес. Ошонун айынан мисалы, "Республика" партиясынын электораты “Республикага” добуш берет деп айта албайм. КСДП партиясы дагы "Биримдик" болуп бара жатат. Бирок ички  курамы жүз пайыз ураалап аларды колдобойт. Эски президенттин тарапкерлери, жаңы президентке таарынгандар бар. Ошондуктан "Биримдик" дагы өтө идеалдуу 2015-жылдагыдай болбойт. Ошон үчүн дагы башка айрым абалы начар партиялардын электоратын ээрчитип кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер