Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялы чет өлкөдө жүргөн адамга экинчи аял болсомбу?

Аялы чет өлкөдө жүргөн адамга экинчи аял болсомбу?

10-март, 10:16
1 974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мени биринчи курсумда бир жигит ала качып кетип, турмуш кургам. Ал 1997-жыл болчу. Ал убакта ала качып кеткенден кийин кайра үйгө ата-энеси алып кетсе уят эле. Ошол себептен мен да турмуш ушундай экен деп жашап калгам. Жолдошум ичпеген жакшы адам эле. Азыр көзү өтүп кеткенде жаман жагын айткым келбейт. Ал эки баламдын атасы. Сөз азыркы жашоом жөнүндө болсун. 

10 жылдан бери балдарымды жалгыз тарбиялап, өзүм үй алдым. Жумушум бар, балдарым чоңоюп калды. Улуусу 20га чыгып, кичинеси 17ге карады. Балдардын өзүнүн жолу болот экен. 

Күндөрдүн биринде адаттагыдай саат бештерде жумуштан чыгып, үйгө майда-чүйдө алып кетейин деп базарга жөнөдүм. Жолуман бир киши чыгып, кагышып калдык. Кечирим сурап, таанышып калдык. Ошол күндөн баштап ал киши мени ошол жерде күтөт. Ал кишинин үч кызы бар. Бирок чет мамлекетте, аялы да Кыргызстанга келбейт экен. Эми кандай кылам, макулдугумду берип, экинчи аял болсомбу? “Мага уул төрөп берсең”  деп суранат. Мени ойлондурганы, экинчи аял болуп кантип жашайм? Бирок турмушка чыгышым керек. Көп оорудум, доктурлар да “күйөөгө тийишиң керек” дешет. Экинчи аял болгондор барбы, кеңеш бериңиздерчи?

Аида

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер