Жамин Акималиев: “Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун дарамети толугу менен түгөндү”


Айыл чарба илимдеринин доктору, академик менен маек.
-- Жамин ага, азыркы айыл чарба министрин кызматтан кетирүү жөнүндө сөз чыгып атат. Буга пикириңиз кандай?
-- Өтө начар... Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун дарамети толугу менен түгөндү. Эгер ал мындан ары деле иштей берсе, анда айыл чарба тармагы таптакыр артка кетет. Ушундан улам бул министрди “которуштуруп айдоого” убакыт жетти. Өткөн жылы президентибиз айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган учурда дагы “партократ” Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алган жок. Ал өзүнүн менчик ишканасы менен алек болбой, мамлекеттин кызыкчылыгына иштегенде, тамак-аштын 9 түрүнүн жетөө менен (нан, кумшекер, өсүмдүк майы, жашылча, сүт, картошка жана эт) элибизди быйыл эле тойгузуп коймок. А чындыгында биз өзүбүздү үч азык менен гана камсыз кыла алдык. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Мол түшүм берген кант кызылчасынын жүздөгөн гектар аянты казылбай, кардын астында калганын эмне менен түшүндүрөбүз? Министр Жаныбеков колубузда турган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыра алган жок. Кайра иштетүүнүн, ташуунун, сактоонун жана сатуунун начардыгынан өндүрүлгөн даяр тамак-аштын 33 пайызы коромжуга учурады. Натыйжада, дыйкандарыбыз банкротко дуушар болду. Мамлекет бөлүп берген жеңилдетилген насыялардын 2,5 пайызы гана фермерлердин колуна тийди. Бизде 0,5 миллион дыйкан чарбалары болсо, алардын 97 пайызы арзан кредиттерди алмак тургай, көргөн да жок. Ушундай орчундуу мүчүлүштүктөргө жол бергени үчүн Аскарбек Жаныбеков тез арада кызматынан кетиши керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











