Нилуфар Алимжанова, ЖК депутаты: “Кредит алып, намыс үчүн той өткөргөндөр аз эмес”

-- Нилуфар Якубжановна, сиздин эки кесиптешиңиз артыкбаш чыгымдарды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал коомдук талкууга коюлду. Буга чейин президенттин жарлыгы да чыккан. Ошого карабастан, эмне үчүн артыкбаш чыгымдар азайбай жатат деп ойлойсуз?
-- Биз меймандос элбиз да. Экинчиден, көзөмөлдөө механизмдери жок. Ким карап, ким эсептээри так жазылбаганы үчүн ушундай болуп атат го. Эң негизгиси, элдин аң-сезими өзгөрүүгө тийиш. Бизде “эл эмне дейт?” деген катмар бар да. Намыс үчүн кредит алып той өткөргөндөр аз эмес. Ошондуктан, чектөө киргизилгени туура эле болот. Көп ашыкча чыгымдын кереги жок. Ошондуктан, мен бул демилгени колдойм.
-- Депутат катары азыр эмненин үстүндө иштеп жатасыз?
-- Азыр алимент боюнча иш жүргүзүп жатабыз. “Мыйзамдар күчөтүлгөндүгүнө карабастан, эмне үчүн ата-энесин карабай, балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрүн саны көбөйүүдө?” деген суроого жооп жок. Ошондуктан, биз изилдөө жүргүзүп, “тегерек үстөлдөрдү” өткөрүп, өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдадык. Жакында Жогорку Кеңешке алып чыгабыз. Мен көбүнчө жаштар менен иш алып барам.
"Азия Ньюс" гезити