Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгилүү методист-окумуштуу, чыгаан педагог Чыманов Жеңишбек Арыпович 70 жашта

Белгилүү методист-окумуштуу, чыгаан педагог Чыманов Жеңишбек Арыпович 70 жашта

01-январь, 12:00
1 513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү методист-окумуштуу, чыгаан педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча ири адис Жеңишбек Арыпович Чыманов чукулдап кирип келген 2025-жылдын 7-январында кутман курак 70 жашка толгону турат.

Жеңишбек Чыманов 1955-жылы 7-январь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1972-жылы аталган айылдагы С.М.Киров (азыркы Д.Иманов) атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын танкалык бөлүгүндө механик-айдоочу болуп кызмат өтөгөн.

1976-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) окууга кирип, аны 1981-жылы аяктаган. Педагогдук эмгек жолун ошол эле университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында 1981-жылы лаборанттык кызматтан баштаган. 1981-жылдан тартып, азыркы учурга чейин кыргыз филологиясы факультетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

1988-жылы университеттин алдындагы аспирантурага окууга тапшырып, ошол эле мезгилде кыргыз тил илими кафедрасына окутуучулук кызматка өткөн. 1998-жылы кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына доценттик кызматка которулган. 2000-жылы конкурстук негизде аталган кафедранын башчылыгына шайланган. 2005-жылы конкурстук негизде экинчи мөөнөткө кафедра башчылыгына шайланган. 2009-жылы кафедранын профессорунун милдетин аткаруучу кызматына которулган. Азыркы учурда аталган кафедранын (бул күндө кафедра «Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы» деп аталат) профессору кызматында эмгектенүүдө.

Жеңишбек Чыманов 1996-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон. Ага 2003-жылы педагогика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. Жеңишбек Арыпович 2010-жылы «Орто мектепте кыргыз тилин окутуунун лингводидактикалык негиздери» деген темада докторлук диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогон.

1998-жылдан азыркы учурга чейин кафедранын негизги предметтеринин бири болгон “Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча лекцияларды өтүп, практикалык, лабораториялык сабактарды жүргүзүп келе жатат. Ж.Чымановдун окуган лекциялары стандарттуу лекциялардан кескин айырмаланып, жандуу, талаш-тартыштуу, полемикалуу болуп, студенттерди өзүнө тартып турат. Лектор катары аны биринчи кезекте студенттин жеке пикири, жеке тыянагы кызыктырып, студенттин өздүк «менинин» калыптанып, өнүгүшү кызыктырат. Ал үчүн лекция учурунда бардык аракеттер жасалып, лекциядагы негизги чечүүчү фигура катары студенттер аракет кылат. Натыйжада лекциялык, практикалык сабактар кыргыз тилин окутуу методикасынын теориялык билимин берүүгө гана багытталбастан, баарыдан мурда студенттин ал билимге болгон кызыгуусун, билүүгө ынтызарлыгын активдештирүүгө арналат. Анын демилгеси менен «Байланыштуу кепти окутуунун методикасы» жалпы курсу жана «Стилистиканы окутуунун методикасы» атайын курсу окуу планына киргизилип, соңку мезгилге чейин окутулуп келди.

Жаңы, эки баскычтуу жогорку билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу бакалавр жана магистрлерди даярдоо боюнча жаңы өркүндөтүлгөн программаларды иштеп чыккан. Алар: бакалавриат боюнча «Кыргыз тилин окутуунун методикасы», магистратура боюнча «Кыргыз тилин компетенттүүлүккө негиздеп окутуу», «Кыргыз тилин этнопедагогикалык негизде окутуу».

Жеңишбек Чыманов кыргыз тилин эне тил катары окутуунун методикасы боюнча эмгектерин өткөн кылымдын 80-жылдарынан тарта жарыялай баштаган. Жалпы саны 200гө жакын педагогикалык жана илимий-методикалык эмгектери жарык көргөн. Илимий-методикалык изилдөө иштеринин негизги багыты кыргыз тилин окутууну инновациялык жаңылоо, предметти окутууну мамлекеттик стандарттан тартып, окуу программаларын кайра иштеп чыгуу, ага ылайык окуу китептеринин жаңы, заманбап муунун түзүү, окутуунун интерактивдүү методикасын иштеп чыгуу, сабакта текстти колдонууга артыкчылыктуу маани берүү, грамматикалык материалдарды окутуунун каражаты катары колдонуу проблемалары түзөт. Бул багытта кыргыз тилин эне тили жана экинчи (мамлекеттик) тил катары окутууну өркүндөтүү боюнча эки башка концепцияны иштеп чыгып, жарыкка чыгарган. «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын», «Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун предметтик стандартын (5-9-10-11-класстар)» иштеп чыгууга активдүү катышкан. ЖОЖдор үчүн кыргыз тилин эне тил жана экинчи тил катары окутуунун методикасынын типтүү программаларынын авторлорунун бири.

Жеңишбек Чыманов кыргыз тилин окутуунун методикасы адистиги боюнча илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдоого да өзгөчө маани берип, илимдин 15 кандидатын жана бир докторун чыгарган. Азыркы учурда 7 аспирант, 3 докторлук иш анын жетекчилиги менен иштелип жатат. Бардык диссертациялык иштер кыргыз тилин окутуунун этнопедагогикалык негиздери, кеп маданиятын окутуу, текстти колдонуу, стилистиканы, байланыштуу кепти окутуу сыяктуу актуалдуу темаларга арналган. 2011-жылдан бери 13.00.02. окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы адистиги боюнча уюштурулуп келе жаткан диссертациялык кеңештин мүчөсү. 

Ж.А.Чымановго КР Билим берүүнүн отличниги (2001-ж.), Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген кызматкери, эмгек сиңирген изилдөөчүсү наамдары ыйгарылган. Бишкек мамлекеттик университетинин “Карасаев Кусейин Карасаевич” медалынын, КР Башкы прократурасынын Ардак грамотасынын ээси.

Студенттердин сүйүктүү агайы, кесиптешибиз Ж.Чымановго 70 жашка толгонуна байланыштуу куттук айтуу менен, ага чың ден соолук, аманчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, дагы да көптөгөн эмгектерди жазып, албан ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз!


Бектурсун Байсабаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жана К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын профессору  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер