Сейтек Качкынбай, саясат талдоочу: “Бүгүн дүйнө жүзүндө чоң инфляциялык тренд байкалууда”

2024-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 миллиард 374,58 миллион долларга жетиптир. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун ичинен 4 миллиард 540,84 миллион доллар тышкы карыз, ал эми 1 миллиард 806,74 миллион доллар ички карыз. Маалыматка караганда, мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 миллион долларга көбөйгөн. Ички карыздын басымдуу бөлүгүн баалуу кагаздардын карызы – 1 миллиард 790 миллион долларды түзөт. Тышкы карыздын негизги бөлүгү – Кытайдын “Экспорт-импорт” банкына берилүүчү 1 миллиард 661,21 миллион доллар.
-- Маалыматтарга таянсак, мамлекеттик карызыбыз 6 миллиард доллардан ашты. Келечекке олуттуу коркунучу жокпу?
-- Карызы көп болгон жакшы эмес. Бирок азыркы заманда карызсыз өлкөлөр да жокко эсе. Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сөзсүз түрдө карыз болот. Ошон үчүн бул жаатта өтө коркунуч жок деп айтсам болот. Анүстүнө бүгүн дүйнө жүзүндө чоң инфляциялык тренд байкалууда. Айталы, мындан 25 жыл мурдагы 90-жылдардагы 1 миллиард доллар карыз менен бүгүнкү 1 миллиард доллар карыздын айырмасы ат менен төөдөй. Токсонунчу жылдары 1 миллиард карыз болсоң, бүгүн 10 миллиард карыз болгондой эле баасы бар эле. Экинчиси, бул бюджеттен ар бир жылы карала турган маселе. Жыл сайын карызды жапканга атайын сумма бөлүнөт. Ошондуктан акырындап карызды жаап кете берсе болот. Биздин өлкө үчүн өтө чоң маселе эмес деген ойдомун. Андан чоң маселе – бул коррупция. Коррупция жоюлса, карыздардан оңой эле кутулса болот.
Улуттук коопсуздук үчүн бир чоң көйгөй бар. Эгер тышкы карыздын 50%дан көбү бир өлкөгө туш келип калса, бул коркунучтуу. Мисалы, биздин жалпы карызыбыз 6 миллиарддан ашып жатат. Анын 5 миллиардга жакыны тышкы карыз. Мисалы, бир өлкөгө 3 миллиард доллар карыз болуп калсак, бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары сакталат. Бир өлкөгө көз каранды болуп калабыз. Ошондуктан тышкы карызды, ички карызды алганда структурасын кароо зарыл.
"Азия Ньюс" гезити