Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Бишкек мэрине шаарга “жымжырттык режимин” киргизүүнү сунуштады
Депутат Бишкек мэрине шаарга “жымжырттык режимин” киргизүүнү сунуштады
03-август, 18:26


Бишкекте саат 23:00дөн 7:00гө чейин “жымжырттык режимин” киргизүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов киргизип, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон тийешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгуусун өтүндү. Андан кийин маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коюлушу керек.
Эл өкүлүнүн мэрге жазган катында мындай документ буга чейин даярдалып, бирок, кабыл алынбай калганы айтылат. Бекешов билдиргендей, ал долбоордо түнкүсүн курулуш иштерине тыюу салуу, музыкалык аппаратуранын ызы-чуусун токтотуу сыяктуу маселелер эске алынган эмес.
Депутат оюн-зоок жайларында үн өткөрбөй турган жабдуулар жоктугунан (мыйзамдарда мындай талап жок болгондуктан) айрым куруучулар түнү менен иштеп жатканын, үйлөрдө ремонт иштери жасалып, же ызы-чуу менен коштолгон кечелер болуп жатканын айтты. Бекешовдун пикиринде, бул учурда милиция эч нерсе кыла албайт.










