Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийбосунов баштаган генералдар аракечтерди, чеккендерди колдошобу?

Бийбосунов баштаган генералдар аракечтерди, чеккендерди колдошобу?

20-декабрь, 09:00
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушундай. Башында ИИМдин топураган генералдары Ош ОИИБ орун басарларын дайындашып, аягында алар ичип алышып, мушташып тарашты. Бошогон орундарга кайра эле жогортон “чийкилер” тандалганы жашыруун эмес. Азырынча алардын бирөөсүнө гана токтоло туралы. “Манты кулактын” кадры “Дүңкүшбай” каймана атындагы Нургазы Увалиев чекпесе тура албайбы? “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Биздин сурообузга “ооба” же “жок” деп айта алышабы? Мурдагылар ичип алып мушташып, жиндилик кылышса, мунусу чегип алып бирдин ичинен чыгабы? Эгерде Ош ОИИБ начальниги орун басарларын өзү дайындаганда профессионал кадрлар тандалмак. Элге кызмат кылышмак, туурабы? Тилекке каршы, Адылбек Бийбосунов баштаган ИИМдин генералдары “кол ийрисине” тарткан пастыктан көтөрүлө алышпай, атайын эле Ош ОИИБ начальнигине Кудайдан жөө качкан орун басарларды чаптай беришип, атайын кыянаттык жасап жатышабы? Мынчалык кас деңгээлге түшүп, тескери кетпегиле эй! Казган оруңарга эртең өзүңөр түшүп, шоруңар шорподой кайнап калбасын... Бул биринчи эскертүү, экинчиси чатак болот! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер