Акыркы кабарлар
21:02
» Саясат » Көлбаев атылгандан кийин анын телефонунан маалыматтар алынып атса керек
Көлбаев атылгандан кийин анын телефонунан маалыматтар алынып атса керек
13-октябрь, 09:00

Бул күрөштүн аягына чейин көп кызыкдар чыгары шексиз. Камчыбек Көлбаев атылгандан кийин, анын телефонунан маалыматтар алынышы мүмкүн. “Мыйзамдагы ууру” менен байланышы бар катары сыпатталып, кармалып аткандар жөн жерден эмес да, туурабы? Ким менен сүйлөшкөнү, СМС жазышканы, айтор, жашыруун байланыштары боюнча булак ачылса керек. Ошонун негизинде айрым бизнесмендер, таасирдүү адамдар колго түшүп атса, УКМК негиздүү аракет жасашы керек. Телефондогу байланыштардан сырткары, Камчыбек Көлбаев каза болгондон соң, айрым кабар берүүчүлөр да чыкса керек. А негизинен УКМКнын камагына алынгандардын 90 пайызы ички сырларды сайрап беришери ажеп эмес. Кара башыл адамга жан, ден соолук керек да...
"Азия Ньюс" гезити