Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөттүн сырттан көмүр сатып алуусу мамлекетибизге диверсия кылуу менен барабар

Өкмөттүн сырттан көмүр сатып алуусу мамлекетибизге диверсия кылуу менен барабар

01-февраль, 13:04
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды кайрадан "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылы" деп жарыялап, өлкөнүн өнүгүүсүнө багыт берди. Өлкө башчысынын бул кадамын аксап турган өлкөнүн экономикасына, өнөр жайды өнүктүрүүгө жана технологияларды пайдаланууга даанышмандык менен жол көрсөткөндүгү катары баалайбыз. Кыргыз өкмөтү президенттин жарлыгын колдоого алып, жергиликтүү бийликтин инновациялык долбоорлорду ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк түзүп бериши абзел. Ошону менен катар аларды изденүүнүн жолуна түшүрүп, өндүрүш тармактарына бел болуп, ар тараптан кубатташы керек. Бул – мезгилдин талабы. Президенттин чакырыгын биз, прогрессивдүү жарандар колдойбуз. Албетте, кабыл алынып жаткан стратегиялык иш-мерчемдер сөз бойдон калбашы шарт. Ансыз да элибиз мурунку ууру президенттердин куру убадаларынан, ооз көптүргөн чакырыктарынан тажап бүтүшкөн, президент катары аброю төмөндөп, алдамчы, ууру атка конушкан. Алардын жолун азыркы президент кайталабайт деген үмүт, ишеним чоң. Эң башкысы, аракеттин натыйжасы, алысты көрө билүү менен өнүгүүнүн локомотиви болгон өндүрүштү жөнгө салуу маанилүү. 

«Эр-Айдоочу» коомдук бирикмеси 2000-жылдан бери Кара-Кече көмүр кениндеги өнүгүү багытында жана көзөмөлсүз ташылган көмүр, өлкөгө келтирилген ири материалдык жана моралдык зыяндары жөнүндө маалымат каражаттарына чагылдырып, мониторинг жүргүзүлүп келген. Коомдук бирикменин улуттук көмүр өндүрүү тармагын жөнгө салуу аракети бааланышууга тийиш. Азыркы тапта көмүр өндүрүүчүлөр мегакөмүр өндүрүү секиригинин алдында турат. Ошентсе да Кара-Кечеде миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы турганда, эмне үчүн Казакстандан көмүр сатып алып жатканыбыз түшүнүксүз. Же мамлекетте ашып-ташыган акча каражаты болбосо, ансыз деле “сырткы жана ички карызды кантип төлөйбүз?” деген суроо көпчүлүктүн жүрөгүн оорутуп келет. Эң кейиштүүсү, Казакстандын көмүрүн сатып алганга бийликтин гана кызыкчылыгы болуп, өлкөгө экономикалык диверсия кылып келе жатышат. Анткени, узак жылдар бою жең ичинен акча каражатын таап, «откат» акчасын алып келишкен, эми муну токтотуучу убакыт келди. Бийлик элди ойлоп, коррупциялык схемаларды жоюп, көмүрдөгү көмүскө коррупцияга илешпей, эл алдында, Кудай алдында убадаларын аткарса деген тилек. Анткени, көмүр өндүрүү багытында республикада аздыр-көптүр кубанарлык жылыштар болуп жатат. Ошентсе дагы, “сөздү убагында айтпаса, сөз атасы өлөт” дегендей, көмүр өндүрүшүнө коррупциянын сазына белчесинен баткан өкмөт бут тосуп, тоскоолдук кылганын койгон жок. Миллион тоннадан ашык көмүрдү жыл бою Бишкек ЖЭБи жагып чыгат. Жыл сайын “Электрстанциялар” ишканасы ири көлөмдөгү тонналаган көмүрлөрдү тендер өткөрүү жолу менен сатып алышат. Бирок, өкмөт акча каражатын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланбай, көпчүлүк учурда Казакстандын көмүрүнө басым жасап келишет. Анткени менен Казакстандан көмүрдү “Электрстанциялары” ишканасы өзүнүн акчасына сатып албайт. Себеби, бул тармакта уурулук күч алган, электр энергиясын чыгарган ГЭС, ЖЭБден түшкөн олчойгон каражаттар уурдалып, сол чөнтөктөргө солонот. Көпчүлүккө маалым болгондой, бир жарым миллиард доллар эбак уурдалып, жок кылынган. Мындай кайдыгерликке өкмөт эмнеге жол берген? Же жеке бир ууч адамдардын кызыкчылыгы өлкөдөн, элден өйдө турабы? “Электрстанциялар” ишканасы Казакстандан көмүр отунун ГЭСти, ЖЭБти коммерциялык банкка күрөөгө коюп, сатып алып келишет. Эң кызыгы, тендерге Казакстандан олигарх Граф каймана аты менен «Прогресс Компани» ишканасы утуп келет. Банктан карызга алган акча үстөк пайызы менен биздин ата мекендик өндүрүштөн казылып алынган көмүрдөн эки эсе кымбат турат. Мындай көз боёмочулук көп жылдан бери уланып, уурулардын бети ачылбай келүүдө. Ал эми Кабак көмүр кенинде 20га жакын жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөр бар. Ошондуктан толугу менен өзүбүздүн көмүргө өтүү зарыл. 

Тилекке каршы, горизонттогу олигархтын «откатынан» улам ата мекендик өндүрүш жабыркап жаткандыгын моюнга ала албай келе жатабыз. Өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдүн ичинде бир нече лот менен тендер өткөрүп, атаандаштыктын негизинде иш алып барса, кыргыз эли дагы, Кудай дагы ыраазы болмок. Эгер өндүрүүчүлөргө көңүл бурса, президенттин талабы менен ири экономикалык секирик жаралмак. Ошондо жыл бою көмүр өндүрүүчүлөр көмүр отунун өндүрүп, жаз, жай мезгилдери ЖЭБге көмүр ташылып, күз, кышта айдоочулар карьерде он күндөп кезекке туруп, суукта үшүп, ачкачылыктын азабын тартпай, калкты арзан көмүр менен камсыз кылмак. Миңдеген жумуш орундары түзүлмөк жана ар тармактуу өндүрүштүн бутактары пайда болмок. Ошондо заманбап эсептөө, видео көзөмөл орнотулуп, көмүр өндүрүшүнө криминалдык уурулардын аягы тыйылмак. Өкмөт жаратмандык кадамга басым жасап, өнүгүүгө умтулса, өлкөнүн экономикасы жакшырат. 

Биз президент Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылын” кош колдоп кубаттайбыз. «Эр - Айдоочу» коомдук бирикмеси тарабынан көп жылдар бою көмүр кенинде мониторинг жүргүзүлүп келди. Көмүр кениндеги иш аракетин жүргүзгөн компаниялар өнүгүү жолуна түшүп, өкмөт көмүр өндүрүүчүлөргө, көмүр ташыган айдоочуларга стимул берсе, масштабдуу уурулуктан арылып, жаратмандыкка багыт алышса деген тилек. 

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

"Азия ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер