Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаев: “Кол алдымда иштеген Курсанды ээрчип, мен жинди белем?”

Мелис Турганбаев: “Кол алдымда иштеген Курсанды ээрчип, мен жинди белем?”

16-сентябрь, 10:43
2 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Курсан Асанов “Мелис Турганбаев 20дай бала менен мас болуп жүрөт” деп айткан имиш. Мунун канчасы чындык?

-- Бул фейк! Уяттары жок экен. Мен ошо Курсан Асановду ээрчип төңкөрүш кылганы кантип барам? Эл күлөт го? Кол алдымда иштеген адамга жармашып, мен жиндиминби? 

-- “Фейк” деп кеттиң, өзүң дасыккан изкубарсың, алар ким болушу ыктымал?

-- Эгер бийлик мага уруксат берсе, “сокур ит бок жалагыча” таап коём. Болжолдуу түрдө билем. Ошол жакта отурган бирөө кылып атат. Бийликке жагынуу аракети. Курсандан күчтүү саясатчылар да “жүрү” дегенде болгон эмесмин. Өзүмдүн жолум, позициям бар. Жинди белем, ушундай кыйын убакта “переворот” деп, мага эмне керек, 60ка чыгып калдым. Мамлекет үчүн ак дилимден 40 жыл кызмат кылдым. Азыр пенсиядамын, мурун да саясатка аралашкан эмесмин, азыр да аралашкым келбейт. Учурда Кыргызстандын жалпы күрөш федерация иштери менен алекмин.

-- А Шаршенбек Абдыкеримовчу?

-- Ал иним ооруп атат. Чет мамлекеттен келе элек. Олимпиада оюндарында кыргыздын намысын коргоп, эки күмүш, бир коло медалды багынткан балбандарыбызды федерациянын атынан сыйлоо боюнча иштерди өзүм колго алгам. Чынын айтсам, март-апрель айларынан бери Кыргызстанга тийди-качты, бүгүн келсем эртең сыртта дегендей...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер