Бабанов эл көйгөйүн көтөрүп, радикалдуу оппозицияга аттанабы?

2017-жылы президенттик шайлоодо утулуп, кеги ичинде калган Өмүрбек Бабанов карантиндеги кыйын шартта жөн жатпай, тилектештери менен саясый консультацияларды өткөрүп, келечекке карай анализ жасап жатканы каңкууланды. Учурда экономикалык-социалдык көйгөйлөр чегине жетип баратат. Мындай шартта элдин нааразычылыгы жаралат эмеспи. Кыраакы Бабанов ыңгайды пайдаланууга кызыгып, бирок, азырынча коомчулук “быша элек” экенине көзү жеттиби? Бүгүнкү кыйынчылыктар дагы өөрчүп, курч кризис күзгө барары белгилүү. Ага чейин “республикачылар” эл менен тыгыз иштөөнү улантары, шайлоонун астында күтүүсүз долбоорлорду көтөрүп чыгышары болжонууда. Сыягы, Бабанов да күздө радикалдуу оппозицияга аттанабы? Ага чейин бийликтин рейтинги түшө берсе, мына ушул нерсе негизги “ачкыч” болуп береби?..
Биздин баамыбызда, Акүйдөгүлөр Өмүрбек Токтогуловичтен өлө коркуп атышканы, бирок сыр бербей отурушканы эмнени билдирет?..
Aryba.kg