Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек, баардык эле президенттердин эбин таба бербейсиң. Байка!

Улукбек, баардык эле президенттердин эбин таба бербейсиң. Байка!

12-июнь, 18:49
1 090 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин өкмөт башчы, анан министрлер кабинетинин төрагасы болгон Улукбек Марипов кыздай сыланып эле эмнеге жагып атат десе, көрсө, Садыр Жапаровго жардамчылык жагдайындагы милдетти так аткарат экен. Кечээ Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун “кол жоолугуна” айланган неме амалданып, азыркы башчынын да этегине намаз окуп, элпектене эбин тапкан экен. Бирок, өмүр бою минтип жүрө албайсың! Мезгили келет, өткөн чактагы кыргыз элине жасаган кыянаттыгың үчүн үзүлүп түшпөйсүңбү? Көп ишке жооп бересиң! Байка, баардык эле президенттердин сүймөнчүгү катары дооран сүрө албайсың, былыктарың үчүн быркыраганда ушул жазганыбызды эстейсиң го? Оозуңду кымтып, кысталып... Демиң кысылса... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер