Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Сапатсыз бүтүрүлгөн жолдорду жамаш үчүн кайра эле бюджеттен акча бөлүнүп жатат”

Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Сапатсыз бүтүрүлгөн жолдорду жамаш үчүн кайра эле бюджеттен акча бөлүнүп жатат”

17-апрель, 22:55
282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил мырза, жолдун “жыртыктарын” жамоого жыл сайын 150 млн. сомдой каражат сарпталат экен. Сиздин оюңузча, бул каражат канчалык натыйжалуу колдонулат?

-- Бул аябагандай чоң каражат. Үч-төрт мектеп курса болот. Мамлекет тарабынан тендер өткөрүлгөндө подрядчиктер каражатты алып, жолду салат да, бирок сапатын карабайт. Акчадан үнөмдөө максатында битумдун курамын азыраак кылып коёт, же болбосо сапаты начарын алып келет. Бул биринчиси. Экиничси, тилекке каршы, подрядчиктер көбүнчө чет өлкөдөн келген ишканалар. Аларда жоопкерчилик чектелүү, бүгүн салат да, эртең кетип калышат. Натыйжада сапатсыз бүтүрүлгөн ал жолдорду жамаш үчүн кайра бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Ошон үчүн мен атайын комиссия түзүү боюнча демилге көтөрүп жатам. Бүгүн трибунадан атайын башын чыгарып айтып койдум.

-- Сиз “сапатсыз бүтүрүлгөн жолдорду ошол компаниялардын өздөрүнө оңдоткон учурлар  барбы?” деп суроо бергениңизде, транспорт министрлигинин өкүлү конкреттүү мисал келтире алган жок. Мындан улам  “андай учурлар жок, болсо да өтө сейрек” деп тыянак чыгарсак болобу?

-- Ошон үчүн комиссия түзүү талап кылынат. Артынын сөзсүз сая түшүш керек. Бүгүн башын баштадык. Эмки жумада комитет болот, анда да бул маселени сөзсүз карайбыз.

-- Албетте, бул канчалык чындык экенин айтыш кыйын, бирок эл ичинде “жамак” ремонту акча жештин эң сонун ыкмасы” деген пикир бар. Ошондой болушу мүмкүнбү?

-- Ошого күмөн санаган үчүн маселе көтөрүп атпайбызбы. Аны аягына жеткиргенге болгон күчүбүздү жумшайбыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер