Түз болуп көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын акыры өлүмгө алып барат


Гармонияга алып баруучу жол жок. Гармония өзү – жол.
(Будда Шакьямуни)
Согуш – бул алдамчылыктын жолу.
(Сунь Цзы)
Эң назик өсүмдүктөр эң катуу жерлер, аскалардын жаралкалары аркылуу өзүнө жол салат. Жакшылык деле ошондой.
(Генри Девид Торо)
Көшөргөндүк – байлыкка алып баруучу эң кыска жол.
(Михаил Гуцериев)
Жашоодо эки гана жол бар – жакшылыктын жана жамандыктын жолу, ар бир адам ошолордун бирин тандап алат.
(Лука (Войно-Ясенецкий)
Ар бир адам өзүн табыш үчүн өз чечимин кабыл алып, өз жолун басып өтүүгө тийиш.
(Билл Каулитц)
Акылдуу болуш үчүн өзүңө караганда күчтүүрөөк атаандаш менен ойноо керек.
(Эмануэль Ласкер)
Аял адегенде эркектин чабуулунан коргонот, анан бара-бара анын жолун тороп, эч жакка кача албай турган кылып коёт.
(Оскар Уайльд)
Эгер адам өзүн өзү тапкысы келсе, анын жолу дүйнө аркылуу өтөт.
(Виктор Франкл)
Дайыма эң кыйын жолду тандагыла, анткени, бул жолдо атаандаш аз болот.
(Шарль де Голль)
Улуулукка бир эле жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт.
(Альберт Эйнштейн)
Сенин өз жолуң бар. Менин өз жолум бар. Ал эми жападан-жалгыз туура жолго келсек, андай жол жок.
(Фридрих Ницше)
Жол адамды кеңейтпестен, адам жолду кеңейтет.
(Конфуций)
Абийириң таза болсо жашоонун жолу кандай таттуу!
(Григорий Сковорода)
Ийгиликтин жолу – бул дайыма билимге умтулуунун жолу.
(Наполеон Хилл)
Мага ажырашууларды токтотуунун жападан-жалгыз жолу – бул никелерди токтотуу сыяктуу болуп сезилет.
(Уилл Роджерс)
Бакытка алып барчу жол жок, бакыттын өзү – бул жол.
(Уэйн Дайер)
Биздин жол – бул ой жүгүртүүнүн жолу.
(Мартин Хайдеггер)
Бир кылмыш башка бир кылмышка жол ачат.
(Сенека)
Түз болуп көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын акыры өлүмгө алып барат.
(Сулайман падыша)
Жолду басып өтсөң, сыйлык алганың ошол.
(Стив Джобс)
Сүйүү карышкылар жортуулга чыккандан корккон жерден да жол табат.
(Джордж Гордон Байрон)
Жашоодон ырахат алуунун жападан-жалгыз жолу – жеңилүүлөрдөн жана жамандыктардан коркпой жашоо.
(Джавахарлал Неру)
Эчтеке күтпөгөн киши жолго чыгат.
(Виктор Робертович Цой)
Жакшы жолду билсек да биз жаманын тандайбыз.
(Еврипид)
Эркектин жүрөгүнө барчу жол анын ашказаны аркылуу өтөт, бирок кээ бир аялдар андан да кыскараак жолду билишет.
(Жак Тати)
Жашоодо ар кимдин өз жолу бар, бакытка алып барчу жолдор да ар кимдики ар башка.
(Принцалександр)
Эгер эркектин машинасы болсо, аялдардын жүрөгүнө алып барчу жол анчалык алыс болбой калат.
(Константин Мелихан)
Философтор дүйнөнү кантип гана түшүндүрүүгө аракет кылышпасын, алар өз жолун же Кудайдан башташат, же ага барып такалышат.
(Андрей Лаврухин)
Кокусунан ийгиликке жетишем деген – банкротчулуктун мыйзам ченемдүү жолу.
(Геннадий Москвин)
Максат канчалык бийик болсо, ага алпарчу жол да ошончолук кыйын, азаптуу болот.
(Рухолла Мусави Хомейни)
Максатка жеткенден кийин гана биз “жолубуз туура болгон экен” деп айтсак болот.
(Поль Валери)
Көйгөйдөн арылта турган жолду издебегиле, аларды чече ала турган жолду издегиле.
(Диля Дэрдовна Еникеева)
Же мен өзүмдүн жолумду табам, же ал жолду мен өзүм салам.
(Филипп Сидни)
Күн жолду жарык кылат, бирок ал көздү да кайыктырат.
(Эмиль Кроткий)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











