Азим Ройдун бизнестерин Акылбек Түмөнбаев калкалап атабы?
Камчы Көлбаев өлгөндөн кийин аны менен өнөктөш, карым-катыш кылган адамдар кармала баштаган эле. Бишкектеги “Тойота центр”, “БМВ центр”, “Перекрёсток”, “Тотал” сыяктуу бизнес жаатын тейлеген Мухамед Али Юсупов УКМК тарабынан камалганы кабарланган. Бул байлыктардын артында Камчы Көлбаевдин насаатчысы Азим Ройдун да байланышы бар экени божомолдонгону эсиңердеби? Көп өтпөй ага да издөө жарыяланган. Эмнегедир убакыттын өтүшү менен көп нерсе дымып, көмүскөдөн чечилип калдыбы? Дегенибиз, жогорудагы Азим Ройго чийеленген бизнести депутат Акылбек Түмөнбаев калкалап аткан жокпу? Саясый элитада кеп тарап, тымызын талкуу жандана баштады. Ушул таризде ачык маалымат берилеби? Эске салсак, Азим Рой менен Акылбек Түмөнбаевдин сүрөткө чогуу түшкөнү коомчулукка тарап, кыйла түшүнбөстүктөр жаралган эле. “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Андыктан, коомчулукту күмөн санатпай, убагында үн чыгарып койбойсуңарбы?..
"Азия Ньюс" гезити