Дайыр Орунбеков себет таратып, айрым журналисттердин жеңил-желпи жактарын ачыктап салды
Президенттин администрациясынын маалымат саясатынын башчысы Дайыр Орунбеков 7-ноябрь басма сөз күнүнө карата журналисттерге себет таратып, коомчулукта талкуу жаралды. Башкы кудадай кадыр күткөн образын карагылачы! Ачуу-таттуусун алгандар соцтармактарда “Даке, рахмат, күткөн эмеспиз, ыраазыбыз, ой укмуш...” деп толгон-токой сөздөрдү жазышып, жалооруп жатышты. Жамандап жүргөн айрым каршылаштары да себет алганына кудуңдашып, алакан чаба алкоолорун айтышканы кызык болду. Албагандар үмүт кылышып, салаңдаган эмчектерин шишиткендер да арбын экен. Сыягы, Дайыр сыйкырчы аркылуу себеттерди даярдатканбы, же элүү граммын ичип аткандар эргип кетип атыштыбы, аягы кызыгына айланды. Көп журналист, блогерлер оома, жүздөрү жок экенин көрсөтүп коюшту. “Чурулдагандарга башында эле ушинтип “жем чачып” койбойт беле? Ары жакка тынчып жатышмак да...” дегендер да чыгышты. Ал эми ортодо себет алуудан бийик туруп, позициясын сактап калган калемгерлер да бар, калыстык үчүн билдире кетели. Кыскасы, Дайыр кыйласын калчап салды, бир себетке делдеңдеп кетишерин, ээрчиме, чалпоо жактарын ачыктап...
"Азия Ньюс" гезити