Акыркы кабарлар
» Саясат » Таласта Болот Шердин ашы өтөт
Таласта Болот Шердин ашы өтөт
13-сентябрь, 17:10

16-сентябрда саат 9:30да Таластын Чоң-Капка айылында Болот Шердин ашы өтөт. Бул тууралуу өзүнун соцтармактагы баракчасына Садык Шер-Нияз жазды.
«Ашты айылдагы “Талас салгылашуусу”, Талас курултайына жана Болот Шердин өзүнө да арналып курулуп жаткан музейдин короосунан салтанаттуу жыйын менен баштайбыз. Бийиктиги 30 метр болгон кыргыз туусу көтөрүлөт. Болот Шерди көрүп-билип, жанында жүргөндөр, жакындары, деги эле “мен дагы куран окуп коймок элем” дегендерге кабар жетпей калса, сиздерге эшик ачык.
Таласта 16-сентябрда мааракелер арбын болуп, ошон үчүн да 30 мүнөт эртерээк жылдырууга туура келди. Кадимки даңктуу атабыз Чолпонбай Түлөбердиевге арналган маараке (музейдин ачылышы) саат 11де башталат. Андан кийин кечке чейин оюн-зооктор менен уланмакчы» деп жазды ал.