Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстандык окумуштуулар чачтын түшүүсүн дарылоону патенттен өткөрүштү
Кыргызстандык окумуштуулар чачтын түшүүсүн дарылоону патенттен өткөрүштү
20-сентябрь, 17:52
1 164 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандык окумуштуулар чачтын түшүүсүн дарылоону патенттен өткөрүштү. Бул тууралуу «Кыргызпатенттен» кабарлашканын “Барометр” маалымдап чыкты.
«Интеллектуалдык менчиктин» сентябрь айындагы чыгарылышында окумуштуулар Мир-Али, Алиджон жана Лайло Балтабаевдер алопецияны рецидивин дарылоонун ыкмасын патенттешкени жарыяланды.
Документке ылайык, алопециянын рецидивин дарылоонун ыкмасына витаминдерди ичүү, тышкы гормоналдык дарылоо, биостимуляторлордон тышкары ганцикловир дарысын колдонуу сунушталган. Дарылоону дарыгердин катуу көзөмөлүндө гана жүргүзүү керек.