Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курманкул Зулушев өлкөдөгү туруктуулукка таасир этүүчү фигура

Курманкул Зулушев өлкөдөгү туруктуулукка таасир этүүчү фигура

27-сентябрь, 12:09
987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандагы таасирдүү чиновниктердин катарына кирет. Ал эки доско этият мамиле жасап, ортодогу алтын сызыкты кармагандай таризде жүрүүдө... Үлкөндөргө кылмыш ишин козгоо, камоо вазыйпалары УКМК, ИИМ тарабынан жүргүзүлүп, прокуратура системасы көп соккуларды алуудан алыс тургандай сезилүүдө. Сырттан караганда ушундай образы байкалуудабы? Ириде башкы прокуратура мыйзамдарды көзөмөлдөөчү орган катары баардык кылмыш иштерине кийлигишүүгө, тескеп турууга милдеттүү. Бул жагынан орой катачылыктар же саясый негиздер боюнча азырынча Курманкул Зулушевге дооматтар айтыла элек. Бирок алдыдагы парламенттик шайлоонун жүрүшү менен кырдаал курчуса, тагдыр чечүүчү күндөрдө опурталдуу жагдайлар орун албайбы? Адатта аламандан кийин соттошуулар, нааразычылык акцияга чыккандар маселе жаратышат эмеспи. Андыктан, бир беткей бейпилдикти божомолдоо кыйын. Мына ушундай шартта Курманкул Зулушевден көп нерсе көз каранды. Каарманыбыз саясый алкакта адилеттүүлүктү, калыстыкты карманып, мыйзамдын тилинде иш жүргүзсө, өлкөдөгү туруктуулукка, коопсуздукка чоң салым кошору калетсиз. Эмесе, түсү ийгиден түңүлбөй, чоң үмүт арта туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер