“Министрлер кабинети карапайым элдин жонунан кайыш тилгендей мамиледе”

-- “Көкөйгө көк таштай тийди...” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, бүгүнкү учурдагы өлкөдөгү эң башкы көйгөй катары эмнени айтат элеңиз?
Кемел Ашыралиев, экс-аким:
-- Мени тажатып, ойго батырган, көкүрөктү өтө кейиткен маселе деле сезилбейт. Өлкөдө калыстык, айкындык. Коомдо тазалык, чынчылдык, бейпилдик өкүм сүрүү салтка айланса деген эле тилек!
Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:
-- “Көкөйгө көк таштай тийди” деген бул – күндөн күнгө баалардын жогорулап өсүшү (кымбатчылык)! “Айлык, пенсия көбөйдү” деп жар салып, мактанып атабыз. Туура, аз-аздан, 5-10 пайыз (“өлбө жаным, өлбө” дегендей) көбөйдү, ал эми товар, азык-түлүк жана тейлөө тармактары 200-300 пайызга кымбатап кетти! Министрлер кабинети карапайым элдин жонунан кайыш тилгендей мамиледе. Монополияга каршы агенттик эмне жумуш аткарып атат? Кайсы кыйратып кылган ишине айлык, сыйлык алып атышат? Бул жагы түшүнүксүз…
"Азия Ньюс" гезити