Чыныгы мекен сакчысы Жеңиш Абидовду баалай билүүгө мезгил келди

Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Абидов ИИМ системасына демөөрчүлүк иштерден сырткары коомдук-коопсуздук абалды бекем чыңдап, милициянын кандай түйшүктүү иштери болсо да биринчилерден чечүүдө ыкчамдыгын көрсөтүп, дилгир маанайда ишеп атканы жашыруун эмес. Милицияга пиары жок эле көп иштерди бүтүрүп, чыныгы офицер кадр катары ак кызматын кылууда. Ишинде эч кандай кемчилиги жок. Баардык жагынан жипке тизген шурудай ишмердиги уланууда. Эмне үчүн мындай полковник Жеңиш Абидовго генерал-майор чин-даражасын берүүгө болбосун? Чыныгы мекен сакчыны убагында баалай билүү мамлекетибиз үчүн пайдалуу эмеспи. Башында Жеңиш мырзаны анчейин баалабай, билбей жүргөндөр акыры анын күчтүү дараметине, уюштургуч жөндөмүнө шыктанып жатышат да. Туурабы?
"Азия Ньюс" гезити