Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Бизде сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет”

Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Бизде сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет”

22-январь, 09:00
482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ырысбек Ысламович, Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыштарды пайда кылып, депутаттардын арасында “бул биз үчүн ыңгайсыз шартта алынган кередит” деп каршы чыккандар болду. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

-- Жогорудагы төрт шаар тең дотацияда турат. Алардын тургундары таза сууга абдан муктаж. Ошол эле учурда канализациялардын трубалары эскирип, жарылып, саркынды суулар көчөгө агып жатат. Кээ бир кварталдарга 8 саатта бир жолу суу берилсе, айрым кварталдар сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет. Элди таза суу менен камсыздап, канализацияларды жаңылатуу үчүн бул келишимге төрт шаардын мэрлери өздөрү макулдук берип, шаар кеңештин депутаттары чечимдерин чыгарган. Андыктан, бул абдан керектүү долбоор. Аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого 18,6 миллион евро алынып, ар бир шаарга 4 миллион 650 миң евродон бөлүштүрүлөт. Каражаттын 8 миллиону кредит болсо, 8 миллиону грант. Техникалык кызматташтык үчүн 2,5 миллион евро каралууда. Кредиттик мөөнөт 15 жыл. Анын төрт жылы жеңилдетилген. Шаардын мэриялары өздөрү жоопкерчиликти алып, кредитти сууга төлөнгөн акчанын эсебинен жабат. 

-- “Суунун тарифи көтөрүлүп, элге оорчулук жаратат” деп атышпайбы кээ бир кесиптештериңиз?

-- 3-5 чакырым жерден суу ташып ичкенден көрө, эл буга өзү макулдук берип атат да. Эң көтөрүлгөн учурда бир куб суу 20 сом болот экен. Азыр 12-13 сом төлөшөт. Ар бир үйгө эсептегич коюлат, анын негизинде төлөй беришет.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер