Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билимдүү, жаратман, ишбилги команда келеби? Же монархияга жол чаптыкпы?..

Билимдүү, жаратман, ишбилги команда келеби? Же монархияга жол чаптыкпы?..

07-май, 12:57
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Конституция күнү Башмыйзамыбызга кол коюлуп жатат. Эми кандай өзгөрүүлөр, кадр алмашуулар күтүлүшү мүмкүн?

Руслан Акматбек, саясат таануучу:

-- Ооба, Башмыйзамга кол коюлуп, өкмөт отставкага кетет. Демек, жаңы кабмин келет. Жаңы жетекчилер дайындалат. Садыр Жапаров, океңдер айтмакчы, всеми правдами неправдами бийликти бекемдеди. Эки тизгин, бир чылбыр колунда. Эми коркпоңуз, бийлигиңизди эч ким талашпайт. Жомоктогу бут тосуулар да жок. Салтанатыңызды сүрө бересиз.

Бирок чоң сураныч: жаңы келген команда адис, кесипкөй, жаратман, ишбилги, көкүрөгү таза, жүрөгүндө оту бар, билимдүү мекендештерибизден түзүлсүнчү?! Биздин кадр, жердеш, шайлоо-пайлоо, куда-сөөк, туруктуулук, мекенчил... дегенди токтотуңуз! 

Айырмасы жок: батышчыл, оппозиция, сынчыл, саясый оппонент... Негизгиси, репутациясы таза, билимдүү, тажрыйбалуу болсун. Желдет эмес, кошоматчы эмес, мээси бар башкаруучуларды дайындаңыз. Биринчи кезекте Кыргызстанга, анан өзүңүзгө жеңил болот. Башкасы колуңуздан келбесе да, ушул кадр маселесини чечиңиз! Мурунку катаңызды кайталабаңыз. Тамаша кыла турган абалда эмеспиз. 

Тактыңыздан коркпоңуз, бул боюнча кетсе өлкөбүздү жоготуп алабыз, тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түбүнө жеткен ажо катары калып, эртең башкара турган эл таппай каласыз! 

Өлкөнү нечен ирет жардын кырынан сактап калган элден кантип жакшы кадр чыкпасын? Толтура. Кары-жаш дебей, керек болсо чет өлкөдөн чакырсын. Жок дегенде кыянаттык кылышпайт. Кечээгидей болуп өлкөнү аңга түртпөйт. Эл үмүт арткан башкаруучулар келсин!

Тилек Токтогазиев, экс министр:

-- Бул жалпы Конституция көп нерсени өзгөртчүдөй болду. Башкаруу системасын өзгөртөт. Бир адамдын ою кандай жорулса, ошонун негизинде чечимдер кабыл алына тургандай болуп калды. Ага чейин мурунку Конституцияларда баланс боло тургандай рычагдар бар эле. Бир киши эч качан бүт тармактан мыкты боло албайт. Мисалы, акыркы күндөргө токтолсок, министр медицинадан да кыйын болуп, уу коргошунду айтып, дүйнө жүзүнө уят кылды. Дагы бирөө элдин пикирин көп эске албай, “бюджетти эптеп толтуруш керек” деп казино ачууну туура көрдү. Чек ара маселелери да оюна эмне келсе ошондой чечиле тургандай болуп калууда. Ар бир адам пенде да. Ката жасаганга, мүдүрүлгөнгө дайыма мүмкүнчүлүгү бар. Бирок канчалык көбүрөөк стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алса жүйөлүү болот. Бир киши эч качан жеке чечим кабыл албай, баланс боло турган башка дагы органдар болуп турушу шарт. Бул дүйнөлүк тактика. Илгери ушундай бир хандар, королдор болгон, отуруп алып эле оюна келгенин жасашчу. Бул монархиянын системасы. 

Азыркы монархияларда деле күчтүү парламенттер бар. Соттор системасы, өкмөтү бар. Бул жакта булар бирин-бири баланста кармай турган система. Тилекке каршы, азыр бизде болуп жаткан бул система көп каталарды, кооптуулукту алып келиши мүмкүн. Жалпы Кыргызстандын экономикасына, саясатына коркунуч бар. 

Бул Конституция менин оюмча убактылуу. Жарым жылдан кийин эл Конституция боюнча пикирлерин айтып чыгат. Констиуция – бул коомчулуктун бири-бири менен сүйлөшүлө турган эрежелери. Коомчулук менен бийликтин ортосундагы эрежелер. Ал эрежелер элди кыйнай турган болсо, чыгарылган чечимдер элди эзсе, анда бул система элди жыргатпайт. Бул система элди кыйнайт. Кыйынчылыкка, кедейчилдикке түртөт. Бир күнү эл кайра депутаттарды сурап, “чимкириктерди” сагынып калышыбыз мүмкүн” деген ой кетип жатат. Анткени, кандай болгон күндө да бул парламенттик системадан эмес, Жогорку Кеңешке кандай адамдар кирип кетти ошондон. 

Адамдарды тандап, шайлоолордогу сатып алуу системасын, коркутуу күчүн жоготуп, татыктуу депутаттарды алып келсе, парламенттик башкаруу жемишин бермек. Элдин арасынан эленип эң жакшылары, татыктуулары келсе, жакшы жакка өзгөрүүлөр орун алат.   

Эгерде бийлик тарабынан тыйын бергендерди жокко чыгарып, шайлоонун жыйынтыгын жаңылап, тескери көрүнүштөрдү кабыл албай койсо, эленип, бизде парламенттик система күчтүү болмок.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер