Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки кичинекей кыз ысыктан улам унаанын ичинде көз жумду

Эки кичинекей кыз ысыктан улам унаанын ичинде көз жумду

05-июль, 12:36
2 128 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ростов облусундагы Каменский районунда үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаага эки кичинекей кыз ойноп түшө калып, ысыктан улам каза табышты. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдады.

Тергөө берген маалыматка таянсак, 2017-жана 2019-жылы туулган эки кыз үйдүн короосунан анча алыс эмес жерге токтогон унаага ойноп жүрүп түшүп алышкан. Апасы аларды таба албай полиция чакырткан. Издөө маалында кыздар унаада каза тапканы белгилүү болду.

“Алдын ала иликтөө көрсөткөндөй, кыздардын өлүмүнө ысык температура себеп болгон” деп айтылат полиция берген маалыматта.

Учурда Ростов облусунда +40 градус ысык болуп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер