Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулганы – коомчулукка түшүнбөстүк жаратты

Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулганы – коомчулукка түшүнбөстүк жаратты

17-сентябрь, 18:55
1 459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда Карганбек Самаковдун кылмыш иши Октябрь соту тарабынан токтотулган. Бул боюнча түшүнүксүз маанай жаралып, коомчулукта нааразычылык орун алууда. Эмне үчүн толук кандуу түшүндүрмө берилбейт? Себеби, Карганбек Самаков кандуу режимде Жаныш Бакиев менен ысык мамиле күтүп, достошуп, Чүйдүн аймагынан жүздөгөн гектар жерлерди үстөмдүк, алдамчылык, айтор, ар кандай жолдо ээлик кылганы жалган беле? Ошол эле Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка ж.б. айыл өкмөткө караштуу элдин үлүш жерлерин бизнес жүгүртүү үчүн багындырганычы? Бул боюнча жергиликтүү тургундар айлап, жылдап арызданып жүрүшүп, акыры кылмышка шектүүнү каматып тынышкан. Кетмен менен кертилгендей эле канчалаган гектарлар сатылып кеткен? 2017-жылы Карганбек Самаковго “Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деген айып тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган эле. 2019-жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу таризинде жаза абагынан бошотулган. Таңгаласың, ири өлчөмдө зыян келтиргени, жоготууларды жасаганы териштирилдиби? Кыскасы, түйшөлткөн суроолор арбын. Көпчүлүк катмар жооп күтүп атат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер