Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Ысыкеева, психолог: “Тынчтаныңыз! Коркконго кош көрүнөт”

Айгүл Ысыкеева, психолог: “Тынчтаныңыз! Коркконго кош көрүнөт”

23-июль, 21:50
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө коронавирустан каза тапкандардын саны 1200 адамдан ашты, ал эми ооругандар он миңдеп саналат. Учурдагы кырдаал соо адамды деле санаага салып, буттан чалчудай. Мындан улам психолог Айгүл Ысыкеевага кайрылып, “кантип тынчтануу керек?” деген суроого жооп алдык.

-- Айгүл айым, көбү учурдагы кырдаалдан коркуп турган кези. Адам өзүн кантип тынчтандыруусу керек?

-- Биринчи кезекте, “бул кырдаалда өзүмдү кандай сезип атам?” деген суроого жооп бериңиз. Баары коркуп атат, ага кошулуп сиздин да тынчыңыз кетип атат. Эмнеден улам тынчыңыз кетип атат? Мисалы, жакын адамыңыз ооруп атат, же сиз сыркоолоп калдыңыз. Балким жакын адамыңызды жоготтуңуз... Анда чын эле тынчтанууга негиз бар. Ал эми жаңылыктардан өлүмдүн көп болуп атканын окуп-билип, адамдардан ар кандай имиштерди угуп алып эле санаа тартып атсаңыз, анда тынчтаныңыз! Айланаңызды караңыз: дени-кардыңыз соо, балдарыңыздын, жакындарыңыздын саламаттыгы жакшы, үй-жайыңыз, жумушуңуз ордунда... Өзүңүзгө өзүңүз бат-баттан ушинтип эсеп-чот берип турсаңыз, санааңыз тынч болот. Паника кылгандан адам өлбөйт, бирок аң-сезимге, жандүйнөнүн тең салмактуулугуна, ошол учурда ден соолукка чоң сокку кылып алса болот. 

-- Ал эми ооруган адам өзүнө психологиялык жактан кандай жардам кылса болот?

-- Ооруган адам деле план боюнча иш алып баруусу керек. Кээ бирөө ооруп атса паникага алдырып, абалын ого бетер оорлоштуруп алат. Андыктан, сыркоолоп калган болсоңуз акыл эсти токтотуп, дене-табыңызды өлчөп, дарыгерге байланышып, кеңеш алган оң. 

-- Кайсы жакты ачпа, бүт эле коронавирус тууралуу маалымат. Мээни өтө чарчатат экен мындай маалыматтар...

-- Анткени, болгон дитиңизди ошол ооруга коюп алгансыз. Так, туура маалымат бере турган бир булакты табыңыз. Маанайды буза турган жаңылыктардан адам өзүн чектеш керек. Жаңылык окуганга 30 же 10 мүнөт бөлгөн жетиштүү. Калган убакытты күнүмдүк тиричиликке бөлгөн туура болот. Адам өзүнүн начар маанайын башка адамга тез эле жуктура алат. Андыктан дайыма жакшы маанай жаратууга жана айланадагы адамдардын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылыңыз. 

-- “Тынчсыздануу (паника) – оорунун жарымы” деп айтышат?

-- Организм оорудан айыгуу үчүн тынч абалда болуусу керек. Ошондо организм ооруга, вируска, бактерияга туруштук берет. Организмдин ар бир клеткасы өзүнүн коргой турган милдетин аткарганда гана иммунитет күчтүү бойдон калат. Ал эми адам ооруп баштаганда эле, же ооруй электе эле тынчы кетип, ызы-чуу салып баштаса, стрессти чакыра турган гормондор иштеп баштайт. Ал гормон кан тамырларды ичкертип, кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагуусун тездетип, организмдин ыргагын иштен чыгарат. Ушундан улам адам сыркоолоп баштаса, тез эле абалы оорлошуп кетет. Анүстүнө адам паникага алдырганда туура эмес чечим кабыл алат, же убакытты текке кетирип алат. 

-- Кантип алдын алуу керек?

-- Ооба, көп адамдар күнүмдүк көнгөн жумушунан четтей түштү. Достору менен кафеге барууга, мурдагыдай беймарал дүкөн кыдырууга мүмкүн болбой калды... Мунун баары мурда жагымдуу эмоцияларды тартуулап турган. Эми анын баары жок болгондон кийин эмне менен толуктаса болот? Көнүгүү жасаңыз, жагымдуу тасма көрүңүз, китеп окуңуз, ырдаңыз, бийлеңиз, айтор, убакытты зерикпей өткөрүүнүн жолдорун ойлонуңуз. 

-- Көп адамдар жумушунан четтеп калды. Каржынын тартыштыгы да адамдын аң-сезимине чоң эле сокку болсо керек?

-- Каржы – бул адам таяна турган ишенимдүү булак болуп саналат. Андыктан, ар бир адамдын “каражат коопсуздугу” болушу керек. Орустар айтмакчы, “кыямат күнгө” колдоно турган каражат ар бир адамда болгону оң. Азыр көпчүлүгү ошол каражаттарын жумшап, жан багып атат окшойт. Ал эми андай булагы жоктор туугандардын, жакындардын иштеп тапкан акчасына таянууга туура келет. Жумушу жок, жарга такалгандар кайрымдуулук фонддоруна, ыктыярчыларга жардам сурап кайрылганы туура. Эң негизгиси, каржы жагынан кыйналган учурда адам жата бербей, мүмкүн болгон булактардан жардам сурашы керек. Ар кайсыны ойлоп атып адамдын нерв системасы бузулса, эгер буга чейин депрессия болуп жүргөн болсо, анда психоз оорусуна кабылуусу мүмкүн. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер