Министр Бообек Ажикеев катуу сөгүш алса да тоготпойбу?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскерлерди тоңкойтуп алып кордоп аткан видео эл арасына желдей тарап, чоң талкууну жаратты. Көпчүлүк нааразычылык пикирлерин билдиришип, соцтармактарга жазышканына күбө болдук. Мындай көрүнүш аскерге бара турган балдарга оор тийери, алардын ата-энелери каршылык көрсөтүшөрү турган иш го? Эмне кылуу керек? Тийешелүү жетекчилерди жазалап, кордук көрсөткөндөрдү мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу парз. Ансыз да аскерден качып аткан балдарды коркутуп-үркүтпөш керек да, туурабы? Натыйжада, президент Садыр Жапаров министр Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди. Системадагы тартипти, ырааттуулукту калыбына келтирбесе, зордук-зомбулук күчөй берсе, аягы жакшы бүтпөй калат эмеспи. Дал ушул окуядан соң, Бообек Ажикеевдин ишмердигине тийешелүү органдар көзөмөлдү күчөтүү керек. Аталган окуя боюнча КР аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Эми жыйынтыгына баам сала туралы.
А эң кызыгы, сөгүш алган министрдин тарапташтары анын жакшы иштеп жатканын саймедирешип, Фейсбуктан жеңил пиар кылганга да үлгүрүштү. Алардын жазгандарына караганда, тим эле кыйратып салыптыр. Гүлдөткөндөй сүрөттөшөт эй! Бообек Ажикеев кичине уялып калгандын ордуна өзүн жарнамага “сугаргандай” түр көрсөткөнүн кантебиз? Аз да болсо президенттен ийменип, унчукпай эле ишин уланта бербейби! Же таянган тоосу күчтүү беле?..
"Азия Ньюс" гезити