Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн Кой-Таш окуясы боюнча Кашкар Жунушалиев камалышы мүмкүн?

Эмне үчүн Кой-Таш окуясы боюнча Кашкар Жунушалиев камалышы мүмкүн?

28-август, 12:48
1 176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Олуттуу суроолор кабыргасынан коюла баштады. Кой-Таш окуясы боюнча зордук менен тергөө жүргүзүшкөнү, спецназдардын көрсөтмөлөрү коендой окшош болуп чыкканы кандай? Сот процессинде айрым аскер кызматкерлери баштагы “айткандарына” каршы пикир билдиришип, чок баскандай секиришкенин билесиңерби? Мунун баары генерал Курсан Асановго козголгон кылмыш иштерин оорлотуп, будамайлоого багытталганбы? Акыры ачыктык болбосо, ондогон адамдардын укугу тебеленсе, коомчулукта жаңжал чыкпайбы? Албетте, бул жагынан дагы журналисттик көзөмөл кылмакчыбыз!

“Балык башынан сасыйт” дегендей, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жетекчилигинин астындагы тергөөнүн шек жаратканы, чуулганы, күчкө салуунун аягы жакшылыкка алпарбасы айкын. Убагы келгенде Кой-Таш окуясы боюнча тергөөнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, Кашкар Жунушалиев баш болгон кызматкерлердин жоон тобу камалып кетеби? Жалган жалаалар, кордук көрсөтүүлөр акыры ачыкталып, көз будамайлагандар бул дүйнөнүн эле сурагынан баштары чыкпай калышабы? Министр Кашкар Жунушалиев өзү гана күнөөгө батпай, жогор жакка да тескери маалымат берсе, анда биз кандай жашоого кабылганыбыз? Сыягы, түйүнү чечилбеген соболдор арбыды. “Чубактын чырындай” болгон ишке элибиз акыры баа берет! Ката жазылган тарыхтын эчен оңдолгону эсибизде. Себеби, акыйкат акыры жеңет. Жүздөгөн көз жаштар чыныгы күнөөлүүлөрдү уктатпаса керек!


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер