Канат Садыков Жусуп Баласагын атындагы КУУнун түбүнө жетеби?
Ректор болуп келгенине беш жылга аяк басканына карабастан Канат Садыков улуттук университеттин рейтингин көтөрө албай, алгылыктуу иштерди жасабай, тескерисинче, кадырын кетирип, беш жыл арыз, чыр-чатак, текшерүү менен өттү.
Түшүнүксүз жагдай. Мөөнөтү бүтүп баратканда “реформа баштайм” деп факультеттерди, кафедраларды жоюп, университетти колледждин деңгээлине түшүргөнү жатканы уу-дууга айланып, мугалимдер нааразы болушууда. “Республиканын мектептеринде физика, математика, химия, биология сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз. КРСУда физика бөлүмү жабылган, башка университеттерде бул сабактар боюнча адистер даярдалбайт, университеттеги фундаменталдык илимдердин тагдыры эмне болот?” деп редакцияга илимпоздор кайрылышууда.
Кызыгып көрсөк, юридика, экономика, менеджмент жана бизнес багытында институттар мурда иштеп, алардын өздөрүнүн бухгалтериясы болуп, ректор менен директорлор майкандашып, кыйла акча жешип, бир топ тайраңдашканы текшерилбей калганбы? Канат Садыковго “акча кымыруунун эң жакшы жолу – өзүнүн бухгалтериясы менен институттарды ачыш керек” деп бирөө үйрөткөн окшойт, же кудасы Эдил Молдоев экөө ачкан “Билимкананы” иштеткенге, ремонт кылганга каражат таппай ушул жолго барганы жатышабы, айтор, акча жемейдин эле камына өтүшкөндөй го? Канат Садыков ректор болуп келгени профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысы көбөйбөстөн азайып кеткен. Азыр улуттук университеттин окутуучусунун айлыгы мектептин мугалиминен аз тура. Бул эргул билим берүү министри кызматынан ызы-чуу менен кеткени белгилүү, эми ректорлуктан да чатак менен түшөт окшойт. Жалпы коллектив көтөрүгөн жатканын эшиттик. Баса, ишенгени өкмөттүн кеңешчиси Медетбек Букуев экен. Профессорлор “Букуевге барабыз, ал биздин кесиптешибиз. Канат Садыков университеттин түбүнө жетип бүтмөй болду” деп айтышууда.
"Азия Ньюс" гезити