Акылбекти оодарып, өкмөткө Бабанов келеби?

Азыркы бийлик 2021-жылы Өмүрбек Бабановду Кумтөр иши боюнча камап, “кустуруп”, анан эркиндик шыбагасын берген эле. Андан бери да далай ирет спонсорлук иштерди жасатып, имараттарды курдурганы айтылган. Кантсе да Бабанов шайтанды алдагандай айлакер, жол тапкыч эмеспи. Ар кандай тоскоолдуктарга карабай, бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп келатат. Ошого катар фокустарын да баштап, саясатка башын салары байкалууда. Жеке байлыгын өркүндөтүп, өлкөгө инвестиция салгандай өңдөнүп, пиар жагын да жылдырып атат. Бир балекетти баштаганы калганда амалданып калчу эле. Анан калса, азыркы өкмөттүн да шайы кетип, элди ынандыра албай калганы байкалууда. Акылбек Жапаровдун ээрден оой турганы айтылып, анын ордуна Өмүрбек Бабановдун келип калышы боюнча саясый чөйрөдө божомолдор козуп, бул таризде интрига жанданып калды. “Аңгектен качсак дөңгөккө” дегендей болбойбу? БӨТ бүтүндөй күйөрмандарын иренжитип, саясый күрөштөрдө коркоктугун, өзүмчүлдүгүн көрсөткөн. Карапайым калк астында рейтинги төмөн, баягы жалыны, оту жок. Мурдагыдай план, программа менен көпчүлүктү ынандыра албайт. Реалдуу иштер гана керек. Кандайдыр бир бал тилге салуу менен өкмөт башына жетиши мүмкүн, бирок келечеги бүдөмүк. Элибиз улам-улам эле алдана бербейт да...
"Азия Ньюс" гезити