Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миң бир... күн

Миң бир... күн

12-октябрь, 19:00
2 721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жазуучу, публицист Мамат Сабыровдун бейнесине сүрөтүмдөр

Чөп чабыкка барганда да, аңчылыкка барганда да, балык тутканы барганга да ишенимдүү досуң жаныңда болбосо, бир боо чөп чабалбай, суурдун ургаачысын кармай албай, балыктын килкисин да кайырмакка иле албай артка кайтып келесиң. Бирок, бу турмушта жакын досум менен чөп чабыкка да, суур атканга да, килки кармаганга да чыкканым жок, атүгүл мунун баары пешенеге жазылбаптыр, канткен менен бу турмушта бирге басып, жытыбыз сиңишкен, жарты сөздөн түшүнүп, бир мейизди онго бөлүп жеген досторумдун барына дайыма каниет кылып келем. 

Адамга адамдыкты баалай билген, адамдын кадыр-баркын таразалай билген, кыйын кезде кезерип жаныңда турган, оор кезде желкесин тосуп, жүк жеңилдеткен, кыйчалыш кезде жарым жолдо калтырбаган, түк сатпаган досторуң барына, Жараткандын кеңдигине таң берип, аларга өмүр жаштын узунун тилеп келесиң. Жокто да, барда да бирдей мүнөз күтүп, жөнөкөйлүгү, пакизалыгы менен жан шерик досторумдун бири, жазуучу, журналист, эң башкысы, АДАМ деген бийик атка татыктуу досум Мамат Сабыров жөнүндө кеп куруунун өзү да мага өзгөчө сыймык. Жазуучулугу да, адамгерчилиги да, жөнөкөйлүгү да эчен төөгө жүктөй мен үчүн... Адатта, көзү тирүүсүндө сөз айтканга битирбиз, анан гана жоон саныбызды чаап, ооздон көбүк чачыратып, айтып калмай жагыбыз бар. Бытыйдын көзү мына дегендей, арабызда жүргөн, мыкты чыгармаларды жазып, аты эл аралап кеткен Маматтын улуу “эрдиги” жок болсо да, улуу адамгерчилиги бар. Ошол касиетинен бир-эки шиңгил айтсак деп турабыз...

Албетте, Макемин аңгемелери өзүнчө, бирок, Макем тууралуу аңгеме да өзүнчө аңгеме... Шол себептен, айрым бир турмушта изи калган, турмуштук бирин-экин сүртүмдөргө кайрылып кетсем. Макемин эл билбеген жактары да ачылып калабы деген тейдемин...

Макем менен студенттик кезде таанышкам. Бир жатаканада жаттык. Жатаканабыздын аты – “Алтын бешик”. Бу жатакана өзү легендарлуу жатакана. Азыр да борбор калаада нары-бери жүрүп калганда көзүмө жылуу көрүнөт. Беш кабат жатаканада жашоонун беш сабы калгандай, беш бүктөмү калгандай сезиле берет. “Жатакана – жатат ана” деп кайсы бир акын жазганы бар, Жаныбек Юморалисмус дегенибизди көп учурда вахтершалар киргизбей коёт эле, ал да минтип жазган эле “Чапаевдей кирсемби атакага” деп. Айтор, “Алтын бешикте” беш жыл термелгендер не ыр жазып, не бир сезимдерге ушул жатаканада кезикпеди. Ал эми кайран Алик (Акималиев) бу жатаканага терезеден гана кирип жүрдү. Ал өзүнчө сөз...

Макем менен ушу жатаканада тааныштык. Бир сапар жатакананын жуунчу жайында жогорку курстун бир “стариги” Макем менен Марипти (Тайчабаровду, жаны жаннатта болсун!) бурчка такап, токмоктоп калыптыр, кайран Марипти катуу бетке тарткан экен, ал бетин жаап отуруп калды, мурдунан да кан кетиптир, Макеми эми чабарда кайдан-жайдан жомоктогу куткаруучудай, үстүндө аскерден кийип келген “тельняшкачан” биз пайда болуп калабыз да, баягы кызуу “стариктин” колунан кармап калдык. “Старик” ага деле болбой бизге атырылганда, бир уруп, Үч-Коргондун каерде экенин көрсөткөнүбүз эсибизде. Кийин “куткаруучу” жана “куткарылгандар” болуп таанышып калдык. Макем менден бир курс төмөн окуду. Ошондон тартып ымалаш мамилебиз жылуу доско айланып кетти. Беш жылдай чогуу жүрдүк. Окуганыбыз – Шукшин, кумирибиз – Жусубалиев. Алгачкы жылдары экөөнүн таасиринде жүрдүк. Кийин Нодар Думбадзе, Андрей Платонов, курс жогорулаган сайын жазуучуларбыздын ысымы да алмашты. Борхес, Амаду, Хемингуэй, Мопассан, Томас Манн, Марк Твен дегендей... 

Бир жолу аңгемелерибизди жазып алып, ошо кездин модный жазуучусу Кубат акеге бардык. Мен ага бир повестти кармата салдым, Макем да бир нече аңгемелерди берди. “Кумирдин пикирин угалы” деп. Кубат акем да биргадирдин кырчаңгы атындай мүнөзгө салып, бир жыл дегендей жазгандарыбызды окуп берди. Кубат акенин өзүнө окшогон эки козудай иниси анын стили менен жазып, кумирдин ышкысын козгойбу дегенбиз. Бир күнү Кубат аке чакырды экөөбүздү тең. Бу күндү күттүк эле. Ал да келди. Кубат акенин алдында “белгисиз генийлер” турабыз тамшанып, улуу жазуучу биз тууралуу кандай улуу ойду айтат экен деп. Кубат акебиз өзүнө таандык, өтө так, өтө катмарлуу, терең философиясы менен бизге жөпжөнөкөй түшүндүрдү. “Жазганыңарды окудум” деди Кубат аке. “Мына, мен аянтка эстеликтей болуп алаамды ачып турсам, силер экөөнөр тең алааңарды ачып, эстеликтей болуп турганыңарды элестеткиле” деди. Таңгалдык. Бир укканда бизге жетпеди. Экинчисинде жетти. “Мен алаамды ачсам, силер да алааңарды ачып тура бересиңерби?!” деди кумир. Көрсө, “мен эмне деп жазсам, мени туурап жаза бересиңерби?” дегени экен. Кубат акемдин тили менен айтканда “шо шо болду”, Кубат акенин меридианындагы бир ойду туурабай, андан жаа бою качканга аракет кылдык. Мен да, Макем да, экөөбүз тең “Биз Кубат акенин шинелинен чыктык” деп айта албайбыз. Андан көрө өзүбүздүн чолок чапанды өзүбүз тигели деп, адабият майданына кеттик. Макем экөөбүздүн жолубуз ушинтип башталган... 

Макем менен гезитте чогуу иштедик. Гезиттин кызылын сапырган чыныгы дыйкан журналист экендигин Макем көрсөттү. Мурза Гапаров айткандай, “майин-майин” макалаларды жазды. Макала жазса да, андан Макемин жаны, сезим, туюму көрүнүп турар эле. Ал ар бир макаласына канын-жанын берип, чоң сүйүү менен жаза турган. Мелис Эшимканов досубуз бир жылдары “Ленинчил жашка” редактор болуп келгенде, анын кызматкерлери ага каршы “протестин” билдирип, чилдей таркап кеткен эле. Мекеми жалгыз калтырбай, биз келдик. Мен “Кыргызстан маданияты” гезитинен, Макем “Кабар” агенттигинен келди. А Кубат акем болсо асмандан жерге түшүп келип, биз менен гезитте чогуу иштеп калды. Ойлоп көрсөм, эң кызык күндөр ошондо өткөн экен. Кубат аке каттар бөлүмүнүн башчысы, мен баш редактордун орун басары, Макем бөлүм башчы. Редакцияга ар кандай каттар келет. Бир жолу Ысык-Көлдөн бир кыздан мындай мазмундагы кат келди. “Урматтуу редакция! Мен былтыркы чөп чабыкта “47-49 ИКГ” деген машинаны айдаган шопурун сүйүп калдым. Атын билбейм, бирок, машинесинин номерин гана билем. Жардам бергиле...” деп жазылыптыр. Мындай каттарга Кубат аке өтө оперативдүү мамиле кылар эле. Ошондон улам “опергруппаны” түздү. Ага өзү, Макем, мен кирдим. Секелек кызды күттүрбөй, таап берели дедик. Ошентип, далай издеп, машинаны таптык, шопурду таппадык. Кубат аке болуп амалыбыз алты көчтү. Эмне кыларыбызды билбейбиз. Акыры “консенсуска” келип, баягы кызга ошо кездеги бойдок Макемин сүрөтүн жибердик, “ушул эмес беле?” деп. Андан өтө каардуу кат келди, мага эч кимдин кереги жок, “47-49 ИКГнын шопурун тапкыла” деген. Шопурду асмандан да, жерден да таппай калдык. Макеме да тиги кызды айтсак, так секирди “менин сүйгөнүм бар” деп. Кийин сүйгөнү менен тааныштырды. Ал – Динара Бейшеналиева экен. Макемдин өмүрлүк жары менен ошондо алгач таанышканбыз. Экөө баш кошуп, ушу күнгө чейин жомоктогудай жашоо улап келет. Беш уул-кыздуу болду. Динара мыкты акын, ойчул акын, мыкты жар. Макемдин түбөлүктүү жанбиргеси... Эки чыгармачыл инсан бир үйдө бир тамыр, бир бутак жайып, үй-бүлөлүк да, чыгармачылык да жарыкты жандырып келет...

Кайда жүрбөйүн, кайда болбоюн Макеми эстегенде бу окуя эске келет. Аны жазбаганга аргам жок... 

1994-жыл. "Кыргыз руху" гезити... Редакциябызда “тройка” деген телефон бар эле. Бу телефон социалисттик Кыргызстандан калган, жалгыз приватизация – прихватизациядан калган таберик буюмубуз эле. Башкалар завод, фабрика, бала бакча, колхоз, совхоз, мал-сал, эчки-улак, мончо, базар, айтор, колуна эмне тийсе менчиктеп жаткан доордон жалгыз таберик ушу телефон эле. Бу жөн телефон эмес, правительственный телефон, аны тройка деп коёт элек. Атына заты дегендей, бу телефонго бир жылда үч жолу чалышса чалат эле, чалбаса жок. Тройка менен министр, чоң-поңдорго түз эле чалсаң болот. Биздин чоңдор менен ишибиз жок, ошол эле учурда чоңдордун биз менен иши жок. Каалагандай сындайбыз, каалагандай тепкилейбиз, айтор, демократиянын бизге берген эрмеги ошол эле...

Бир күнү баягы “күлбөс кыздай” телефонубуз зыңылдап калды, бу жылдын эсебинен биринчи жолу. Бу телефон шыңгыраганын ордубуздан туруп алчубуз, коркуп же үркүп кеткенден эмес, шнуру кыска эле. Бир жолу айтылуу Докем (Дооронбек Садырбаев) да келип, бу силерде “тройка деген барбы? Жанышка (Ж.Рустенбеков анда ал бир чоң мыкчыгер эле) чалайын деп сураган эле. Биз бар, бирок, туруп сүйлөшпөсөңүз жетпейсиз, шнуру кыска десек, Докем буларың менен туруп сүйлөшкөндөн көрө, сүйлөшпөйм деп трубканы коюп салды. 

Айтор, баягы “тройкабыз” узун-узун шыңгырап калды... Турдук. Трубканы алдык. “Султан Раевби?” деп калды трубканын аркы тарабы. “Ооба” деп айтып оозумду жыя электе, “срочно президентке келиңиз, замыңыз (Мамат Сабыров эле зам) менен келиңиз” деди. Бу тушта шашкалактап “кайсы президент?” деп сурап калыш керек да. “Султан Акимович, кайсы президент, кайсы президент?!. Аскар Акаевич!” деп калды аркы тарап өктөм үн менен. Аягында “азыр 5 мүнөттө келиңиздер, күтүп жатат!” деди. 5 мүнөттө! Маматты чакырдым, “президент бизди срочно чакырып жатат” деп гезиттин подшипкасын аңтарып жатсам, Макем дагы “кайсы президент? Кайсы?” деп калышы керек да. Телефондун ары тарабындагынын энергетикасы мага да өттүбү, “Маке, кайсы, кайсы... бизде канча президент бар эле, ким-ким Акаев!” дедим. “Акаев?!” Макем шалдая түштү. Экөөлөп гезиттин подшипкасын тыта баштадык, жакын арада президент тууралуу кандай сын материал чыкты деп. Өтмө катар эле Акаевди сындаган материалдар экен. Табылды Эгембердиев, Молдо Кара (Сатыбалды Жээнбеков), анысы аз келгенсип, Бекен Назаралиевдин Өмүрбек Текебаевден алган интервьюсу. Бекендин стилинде. Акаев десе эле “көк чыбыгын” көтөрө чыккан Бекен да Текебаевдин оозу менен Акаевди жөөлөп өтүптүр... Айтор, подшипкада бир түзүк сөз жок экен в пользу президента. Президент бизди кофе ичип кеткиле деп чакырат беле, пистон койгону чакырганын бөркүбүздөй көрүп турабыз.

Баягы “5 мүнөт” деген убакыт тыкылдап өтүп атыры... Экөөбүз Акүй тарапка, президентке биринчи жолу жөнөп калдык. Макем улам “Сүкө, Акаев эмнеге чакырды экен бизди?” деп жол катар суроо берип келет. Сыртта биздин настроениеге ортоктош болгон аба ырайы да көнөктөп жамгыр төгүп өткөн. Жол чалчык. Шашып баратабыз. Акүйгө келсек, баардык дарбазалар сыйкырчынын таягы бизде бардай шак-шак ачылып, жетинчи кабатка, 01дин кабылдамасына кантип жетип келгенибизди билбей калдык. Приёмныйдагы бизге чала-була тааныш неме да жарым саат мурда Мелис Эшимканов да келип кетти деп койду. Кайран, Мекем а дагы пистон алган экен деп ичтен боолгойбуз. 

Ошентип баягы “кирсин” деген сакралдык сөз кулагыбызга угулду. Турдук. Кирдик. Биз эшикти ачканда тээ төрдө отурган президент космикалык ылдамдыкта кантип маңдайбызга туруп калганын байкабай калдык. Күндө теледен көргөн президентибиз маңдайыңда жаркылдап туруп калса, толкунданат экенсиң... Президент ушунчалык сылык, колдору жумшак (аны кол алышканда сездик). ААА бизди кире бериштеги оң капталдагы креслого, журнал столуна таклип этти. Ичибизден абал биз ойлогондой эле жаман эмес сыягы деген ой бизди ээлеп алды. Баягы Макем да өзүнчө кудуңдап алган, президенттин кабинетин айланта карап, таңгалып отуру... Ичибизден ой түрүп коёбуз, ушуну КТРга тартып койсо бүт өлкөгө жарыя болмокпуз деп. 

Айтор, креслого көчүк бастык, биз киргенде кебетебизди ылдыйдан жогору олурая караган катчы кыз ысык кофе, шириндиктер менен кирди. Ырайы башкача, сыпайы. Ошентип, кофеден ууртап, конфеттен ооз тийип, сүйлөшүп кеттик. Президент ал-акыбал сурап, бала-чаканы да унут калтырбады. Көпкө сүйлөшүп отурдук. ААА өзү эле сүйлөп отурду. Алдыбыздагы столго – кофе-софе коюлган айнек столго үңүлө карасак, менин 45-, Макемдин 44-размер батиңкеси көзүмө урунду. Батиңкебиздин учу жамгырдан кийин ылай, кир, эки жумадан бери крем көрө элеги көзгө көрүндү. Аны да президенттин кабинетинде көрүш керек да кашайып... 5 мүнөттө келе калгыла десе, кашайып жетип калганыбызды кара... Мен свитерчен, Макем галстугу жок (а досумдун ушу кезге чейин галстук тагынганын көргөн эмесмин). Идеалында дресс-кодду сакташыбыз керек эле. Ош базарына кандай жөнөсөк, ошондой жөнөп ийиппиз...

Айнек столдон бут кийимибизди бир карайбыз, уялабыз. Акаев сүйлөп атып, айнек столдун алдындагы биздин бут кийимди карап коёт, биз уяттын күчүнөн шыпты карайбыз, ката салалы десек, эч жакка ката албайбыз. Айнек столдон болсо баары көрүнөт, размерлер болсо тиги... Айтор, президент сүйлөп атып столдун алдын караганда биз шыпты карайбыз, а киши шыпты караганда биз безобразнный бут кийимди карайбыз. Баягы катчы кыздын да олурая караганын эми түшүндүк. Бут кийимиңерди жууп албайсыңарбы деп койсо болмок экен. Жан кашайткан 5 мүнөттүн аягы ушундай болду...   

Сөздүн кыскасы ААА көп сүйлөдү. Аягында “силерге чо-оң рахмат! Мага Мелис Эшимканов айтты. Рахмат колдооңорго! деди. Аягында “ал мен үчүн эмес, эл үчүн, өлкө үчүн керек. Ага барбасак, андан башка жол жок” деди. Биз да жол жок болсо, жок да дегендей баш ийкедик. Кеп эмне тууралуу айтылып жатканын түшүнбөдүк. Кофе ичтик, конфет жедик. Президент ордунан туруп, стол тарабына жөнөгөндө Макем экөөбүз ырым деп бирден конфетти чөнтөккө салдык. Балдарыбызга беребиз деген тейде. Аны да ААА көрө калып, алгыла, алгыла дегенчелик кылып, тарелкадагы конфетти тең экиге бөлүп колубузга карматты. Сунулган колду суутпай алдык. Президент мага бир коробка, Макеме бир коробка берди. Тыкан экен. Ичинде эмне бар билбедик. Эстеликке деди президент. “Куттуу үйдөн кур чыкпай алдык... Акүйдүн сыртына чыгып, баягы коробкаларыбызды ачтык. Экөө тең ручка экен. Макем айтып калды “Сүкө, эми колубузду бир жума жуубайлы, падыша менен кол алыштык” деп. Бирок, эмнеге чакырды деген суроо ортобузда түпөйүл...

Кайрадан кабинетке кирдик. Баягы күлбөс кыздай “тройкабыз” шыңгырап калды. Мелис досумдун үнү аркы тараптан угулду. Өзүнчө эле толкунданып алган. “Сүкө, мен Акаевде болдум, аябай от души сүйлөштүк, президент кө-өп нерсени обещать этти. Референдумду колдоп коёлу, сен “Рухуң” менен, мен “Асабам” менен. “Раев менен кандайсың?” деди эле, “досум болот, чогуу окуганбыз, менин сөзүмөн чыкпайт” дедим. Бүгүн сени приёмго чакырат” деп калды. Көрсө, Мелис досубуз үстүбүздөн тон бычып ийген экен. Президенттин “рахматын” эми түшүндүк. Мекеге “чакырмак тургай, барып келдик” десем, “барып келдиңерби?” деп таңгалды. Мен сага айтып коём дегемин да. “Мелис айтты дедиби?”... “Айтты дедим”. Бу икая ушундай... Кыскасы... 

Жаш кезекте аягыбыз суу, баткак, ылай, кум, топурак басса да көкүрөгүбүз таза эле... Кир батиңкени ойлобой, өлкөнүн президентине кирип барганыбызды эстесек жарым түн сөз болот. Кеп батиңкеде же анын кирдигинде эмес, башта, көкүрөктө эле. Мына, азыр да ошол көкүрөктү таза кармайлы деп алпурушуп келебиз... Макем да ушундай... Таза инсан.

P.S. “Жолдош Раев! Макалаңызды эмне үчүн “Миң бир... күн” деп атадыңыз? Эмнеге “намёк” кылып атасыз?” дегендер да болушу ыктымал. Жашоодо миң бир күндүн бир күнү бар эстен чыккыс, ошол күндө жашоонун эң кызык ирмемдери, тунук сезимдери, миң бир күнгө түтпөгөн улуу баяндары бар. Ушул сөздө, ушул түшүнүктө жашап келебиз. Миң досуңдун бир досуңу айт десе, мен сөзсүз досум Мамат Сабыров жөнүндө айтаар элем. Жараткандын бир аты – ДОС дейт. Досту да Жараткандын ысмындай таза, ыйык тута билүү керек!

Айтмакчы, Макем 60 жашка чыкты. Жапондор 60 жашты “акылмандуулуктун тепкичинин алгачкы тепкичи” дейт экен. Алгачкы тепкич андан ары улай берсин, Маке!


Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер