Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чөө бизнес”

“Чөө бизнес”

25-январь, 02:22
4 217 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аэропорттогу көйгөйдүн кайнап турган жерин, ансыз да карантинде кыйналып бүткөн элдин канын ичип, гүлдөгөн жемкорлукту ташка тамга баскандай “Чөө бизнес” деп дааналап баяндап, саясат талдоочу Айданбек Акматов баракчасына жазып чыкты. 

“Кыргызстанда жумушсуздук. Баарынын көзү Россияга бурулган. Эптеп кетүүнүн айласын издегендер көп. Мына ошол мекенинен айласыздыктан кетип жаткан, жумуш издеп бараткан жаштарды, жарандарды чөөчө талаган компаниялар, аларды талоого жол берип, унчукпай табакташ болуп жаткан мамлекеттик органдар, өкмөт, бийлик башчылары отурат. Кайда антимонополдук комитет? Кайда экономикалык кылмышка каршы күрөшкөн полиция? Кайда УКМК? Кайда парламент? Кайда президент?

Бир билеттин баасын 30-65 миң сомдон кылып, каалаган бааны коюп сатып жатышат. Негиздемеси 10-15 миң сом. Жаштар карыз алып, коррупционерлердин кулкунуна куюп туруп, араң чыгып кетип жатышат.

Бир учактан коррупционерлер негиздемеден эле 10-20 миң доллар пайда көрүп жатышат. Эсептеп көрүңүз, бир негиздеменин баасы 10-15 миң сом. Бир учакка 150 адам отурса, анда ар бир каттамдан эле 1,5-2 млн. сом же 20-25 миң доллар пайда көрүшөт. Бир күндө 10 каттам болсо, анда күнүнө канчадан пайда табышат?

Мигранттарды шорлоткон мындай акча менен кандай кызматты болбосун 300 миң долларга, 500 миң долларга сатып алуу кеп бекен?

Негиздемени Москвада сураган жан жок. Манас аба майданынан да негиздемени карабай туруп, учакка салган атайын шумпайлар жүрөт. Мына, кечээ жакында эле жакын адамдарыбыз Москвага учуп барышты. Жалпысынан 40-45 миң сомго учушту (билетти бир-эки жума мурун сатып алышты). Бул жерден негиздемесин текшерген жок. Бирок жооп берүүчүлөр билет менен кошо акчасын алышкан. Москвага түшкөндө негиздеме жөнүндө сөз да болбоду, эч ким сураган да эмес.

Манас аба майданында, билет саткан компанияларда абдан уюшулган, пандемияны пайдаланган, жогору жактагылар менен байланышкан коррупциялык схема иштеп жатат. Эл муну билип эле туратЖонтериси менен сезип жатат...”  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер