Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини

Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини

06-июнь, 22:09
1 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атактуу Гай Юлий Цезардын чалкеш маанини жараткан ою бар. Ал минтип жазган: “Адам табиятынын баарыбызга эле тийешелүү болгон бир кемчилиги бар, ал күтүүсүз жана буга дейре белгисиз кубулуштар бизди өтө эле менменсинтип же оголе бүжүрөтүп, жүрөксүнткөн коркунуч жаратат”. Дүйнө жүзү кайгайга баткан соңку кырдаал, дагы бир жолу ушул ойдун чындыгын каңкуулап, бу ачакей жагдайдын айырмасын какшайта көрсөттү.


Менменсинүү жана коркунуч. Бул эки учу бирикпеген жагдайдын карама-каршылыгы жана купуялыгы эмнеде? Бул түшүнүктө бири-бирине кыл келбеген ар башка анжы ойлордун туюндусу бар. Булардын чоо-жайына маани берип, биттин ичегесине кан куйгандай териштирүүнүн дале кажети жок. Бирок, таажылуу вирустун жугуштуу илдетине түздөн-түз чырмалган бүгүнкү окуялардын өрчүшү, өсүү ылдамдыгы менен бейпайга салган кыймыл-аракети, ал гана эмес мүнөзү жер шарындагылардын бүткүл күйүтүн какшайта көрсөтүп тургандай, бу апаат бир гана эпидемиологиялык мүнөздө эмес, гуманитардык жана адеп-ахлактык да мүнөздө экендиги айныксыз чындыкка айланып отуру. Дүйнөлүк кыйсыпыр түшкөн карым-катнаштын жаңы бети баракталып, ал эң оболу мезгилдин жаңы санагынын башталарын шарттап турат... Адамзат “бумеранг” келме-кезегин кокуйлаткан жаңы мүшкүлгө дуушар болуп, оопасыз дүйнө өрт кечкендей күйүп туру... Баягы Ницще айткандай, “дүйнө – жанар тоо (вулкандын) үстүндө үлгүрөп отургандай” таасир калтырат...

Байыртадан адамзаттык акыл-эс дүйнөтаанымы генетикалык жана тарыхый кодду алып жүрөт. Биз көбүнесе ошол түшүнүктөр менен жашоо мыйзамын көңүл сыртында калтырып, аны көпчүлүк учурда жадыбыздан чыгарып коёбуз. Пандемия бүт дүйнөнү кара тумандай каптап, уучуна мыжый кармады эле, бүт жер шарынын эли ушул вирустун алдында алеки саатта алсыз болуп калды. Адам акыл-туюмун жара басып, кең дүйнөсү тарып, табияттан алсыздыгын дагы бир ирет сезди. Жер шарын чулгуй ороп, көк түтүндөй каптаган бул жамандык күн өткөн сайын оожалып, арыш арбытып, өскөндүн үстүнөн өсүп отурганы адамдын алапайын кетирди. Таажылуу вирус бул жөн гана эпидемия эмес, бул жанагы гамлеттик “бар, же жок болуш керек, маселе ушунда” деген кычас мүнөзгө ээ болду. Бүт дүйнө жүзү “өзүмдү жана адамзатты кантип сактап калам?” деген баш катырма дүйнөнүн ургал соболуна такалып, аңкүдүк атып турган чагы. Капилеттен вирус жалпы планетардык масштабга “бут-колун жайды”. Бүт баары, жумуру жерде жашагандардын бакиси тутунган саясый системасына, дин тутуу өзгөчөлүгүнө, ортодон тик бөлүп турган чек араларына карабастан, миллиард жылдарга тете болгон көз ирмемге тык токтоду. Дүйнө сенейди...

"Кайсы цивилизация дүйнөнү алчап-калчап турат – Батышпы же Чыгышпы, Кытайбы же исламбы?" деген бейпайда талаш-тартыш, угуту жок суроолор как чыкыйга чыгып, бүдөмүктөнгөн келечектин бейнеси көзгө тартылды. Таажылуу вирус – бул эң оболу “бүт дүйнөнү жамыра кармап турам” деген супер державалар төбөлдөрүнүн башындагы илдет таажысы, мээсинде шамалдай удургуп турган менменсинүүнүн вирусу, “ким күч болсо оомат ошондо” деп туйтунган, күч бийлигинин идеологиясы...

Идеалында бул пандемия Жер планетасынын жамы акыл-эстүү бөлүгүн бириктирүүсү керек. Дүйнө чыңалып, жигинен сөгүлүп, пандемия тирешүүнүн жаңы формасына айланды. Бир гана супер державалар эмес, атүгүл ашкере гегемондор да, баары түгөл биригип келип алчы-таасын жеген окумуштуулар да, улукман акелер да бир вируска каршы вакцинаны таба албай бушайман... “Не алаамат болот?” деп Жер калчылдап турган чагы... Жер шарында адамзатты жер бетинен жексен кылып, тыптыйпыл кырып салууга эсепсиз арсенал жыйналды. Био, нанотехнологиялар, жасалма интеллект, маалыматташуу жана дүйнөнү санариптештирүүдөгү өлкөлөрдүн жарышы ушул пандемиянын алдында түккө арзыбай калды. 

Баса, бул ой Альбер Камюнун «Чума» романында жеткиликтүү минтип баяндалган: (Бул тууралуу адабиятчылар, сынчылар көп жазды.) «…ар бир жамандык – бул адамдан ажырагыс, керек болсо эч бир жери оорубаган адам деле баары бир жүрөгүндө ошол дартты көтөрүп жүрөт. Ак пейилдүү, эркин адамдар гана жамандыкты жеңүүгө кудуреттүү, бирок алар аны жер жүзүнүн категориясы катары жок кыла алышпайт. Ошол себептүү романдын финалында коркунучтуу илдеттен кутулдук деп майрамдаган шаардыктардын кубанычтуу кыйкырыгына, башкы персонаж доктор Риэ “бул кубаныч убактылуу эле” деп ойлонот. Себеби, анын аңдап калганы «балким, элдердин кайгысына, чума келемиштерди ойготуп, бактылуу шаардын көчөлөрүнө жөнөтүп, кайрадан турукмуш бу апаат ойгонуп, баарын жантаслим кылган күн келип калаттыр» деп түкшүмөл түшөт. Камю бу романы аркылуу эмнени айткысы келген? Арийне, ал жалпы адамзаттык жана убакытка баш ийбеген чектөөсүз ойго катылган ойду каңкуулап, өтмө маанилүү жагдайдын чет-бучкагын чыгарып, кулак кагыш кылган. Бул тейден алып карганда, Камюнун романы – роман эскертүү. Арийне, “тарых эки жолу кайталанат: адегенде трагедия түрүндө, андан соң фарс түрүндө”.

“Дүйнө акыл-эстен алжып баратат”. Бул ой айныксыз, кашкайган чулу чындык, азыркы шоораттуу дүйнөнүн күрөө тамырын туюнтпаса да, ушул тапта ачуу чындык ушундай. Ушунун баары мезгилдин көйгөйү, кыйсыпыр дүйнөнүн будуң-чаңы. Тилекке каршы, табият тең салмактуулугу бузулуп, кыл келбеген кырдаал  жаралды. Абалтан эле табигат мыйзамдарын одоно бузуп жүрүп, эми биз табияттан татыктуу жообун алып жатабыз. Кудай жараткан дүйнөлүк тартип менен ааламдын алдында адам алсыз, дармансыз – бул талашсыз чындык. Адам менен табияттын шайкеш жашоо мыйзамы жана ал жашоонун шайкештиги бузулду. ХХI кылымдагы жаңы чуманын натыйжасы, акыр түбү ушу!..

Вирус – дүйнө менен пенденин жашоозаңын гана өзгөртпөстөн, табияттын алдында адам баласы бир бечел, чүрпөтай экендигин бизге дагы бир жолу эскертти, "текебер адам" деп аталган неме бүт пендеге таандык ыйман системасын көкүрөгүнөн чийип салды, ал эми “бумеранг принциби” акыр замандын акыры бир күн келериндей эле чындыктын, ачуу чындыктын коңгуроосун каккылайт.


Бул пандемия эң оболу руханий жардылыктын пандемиясы

Замандын белгилүү ойчулдарынын бири Юваль Харари адамзаттын алдында күтүлүп жаткан чоң сыноолорго ой жүгүртүп, адамзаттын жашоо циклинин мааниси өзгөрүлгөнүн өзгөчө басым коюу менен белгиледи. Ушул боркулдап кайнаган жашоодо адам мээ туюму программаланып, анын күнүмдүк кадамы менен ишмердиги маалыматтык жана биотехнологиялык матрицага айланганда, адам адамдык сыпатын сактап кала алабы? Маалымат дүйнөсүнүн революциялык доорунун жетишкендиктерин биз канчалык көтөрө чаап саймедирегенибиз менен адам катары, тирүү зат катары өз пешене-тагдыр алдында, өз кайгыбыздын алдында жападан жалгыз калып отурабыз. Пандемия – заманбап доордун курулай шаңдануусу менен көз боёмочулугун самындын көбүгүндөй сапырып, адамзатка чакырык таштады.


Бүт жер жүзү карантинге кетти

Карантин килейген жер шарынын кыймылын токтотуп койду. Жер үстүндөгү, абадагы, деңиз каттамдары токтоп, эшиктер жабылды, чек аралар бекилди. Адамзаттык физикалык карым-катнаш туңгуюкка такалды, дүйнө цементтей катты, көз ирмемге катты...

“Үн катпоо – үн катпоону жеңип өтүү”. Ушундай “экстраваганттуу” абал, курнамыс адамды ашкере туйтунта алабы? Карантин адам өмүрүн сактап калуунун, аман калуунун эң мыкты аргасыздыгы, бу чечим эң туура чечим, адам акылы азырынча мындан өткөн пандемияга каршы күрөштүн, карантинден өткөн парасаттуу ыкманы али ойлоп таба электигин турмуш өзү көрсөттү.

"Жамандык жакшылыкты шарттайт" деген экен Ф.Достоевский. Бат өзгөрүлчү кубулмалуу дүйнөдө убакыттын циферблаттары токтоп калды, балким бул кыяпат жогорудан пешенеге жазылгандыр, эми биз бир саамга, бир ирмемге токтоп, өзүбүзгө өзүбүз акыл калчап, өз жандүйнөбүзгө үңүлүп, “биз кимбиз? Биз кайсы жерде турабыз? (Sapiens деген – бул кайдан келгендигибиз жөнүндөгү түшүнүк, Homo Deus – биз кай жакты көздөп баратабыз деген түшүнүк). Кайда баратабыз? Биздин мамилелерибиздин органикасы кандай? Дүйнөнүн туруш турпатында биздин ордубуз каерде? Деги эле биздин ордубуз, адамдык алкагыбыз, үмүт туюмубуз эмнеден турат? Биз кантип өзүбүздү өзүбүз сактап жана ошол эле учурда ушул жер шарындагылардын баары менен тынчтыкта жанаша жашай алабыз?.. А бирок мына ушундай жөнөкөй суроолорго да биздин жообубуз болгон эмес, чындыгында мындай суроолорго биз эч качан башыбызды ооруткан эмеспиз. Биз бир балакетти ойлоп, ошо балакеттин артынан сая түшүп кууп жүрдүк. Тилекке каршы, биз өзүбүздү унутта калтырдык. Убакыт бизге ойлонууга кыска тыныгуу, шанс берди. Бул – убакыттын философиялык мөөнөтү...

Биз жаңы ойлордун, бир гана жаңы көз караштардын эмес, керек болсо бүтүндөй коомчулуктун аң сезиминин өзгөрүүсүнүн босогосунда турабыз (!) деген терең ишенимдебиз. Биздеги руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык жалпы мейкиндиктин механизмдерин жаңы форматта кайра түзүүгө эбак эле муктаждык бышып жетти деп ойлойбуз. Коомдук аң-сезимди кайра модернизациялоо (жаңылоо), адеп-ахлактык каада-салт, нарк-насилдерди кайрадан карап чыгуунун зарылчылыгы туулду. Анүчүн биз эң оболу адеп-ахлактык, өзүн-өзү ыймандык тазалоо саясатына муктажбыз. Биздин коом ар түркүн дүйнөтаанымдардын, дүйнөбий (светтик), диний, ашкере либералдашкан, ошол эле учурда ашкере ашмалтайы чыккан ж.б. көз караштардын ээн талаасына айланганын жашыра албайбыз. Саламаттык же мамлекеттик коопсуздук, экономика же адабиятка тийиштиги бар өзгөрүүлөргө байланышкан суроолорбу, бизге эң маанилүүсү, адам жандүйнөсүнүн интеллект экологиясы, анын тазалыгы  маанилүү. Бир жагынан бул суроолор актуалдуу, анткени алар адамдын керт башын калкалоо жана өмүрүн сактап калуу суроолоруна түздөн-түз тийешеси бар.

“Коомчулуктун саламаттыгынын алдында, улуттун саламаттыгынын алдында, адамзаттын салматтыгынын алдында сен жоопкерсиң, дүйнөнүн амандыгы сени менен байланышта каралган” деген айныксыз формуланы карантин биздин алдыбызга коюп жатат. Адам өз тарыхында мындай ишаратты күткөн да эмес,  мындай кубулушту башынан өткөзгөн да эмес.


Карантин менен маска пандемиянын негизги атрибуту болуп калды

Карантин бул эң оболу – абийирдин карантини. «Адамдын абийири адамдыкка үгүттөйт, - деп качандыр бир кезде В.Г.Белинский жазган, -- кереметти издөө алгач ыңгайсыз, жагымсыз, бирок жаңы жашоонун үмүтү, жаңычылдыгы үчүн кээде эскичиликтен, жагымдуулуктан, ыңгайлуулуктан качып, быкшып бараткан жашоодон түк кол жууп, жоголуп, анан тыркырап бараткандан баш тартууга жардам берет».

Адам табияты ушундай. Бизге жашоодогу баардык эле көрүнүш жага бербейт. Жашоонун бүткүл кубулушу бизди канааттандырбайт, ынындырбайт, бизге эмне жин тийдиби?.. Бизде топук кылуу бырын-чырын чыкты. Айланабызда көңүлгө жакпаган кумса окуялар жүз берип жаткан өңдүү туюлат. Ырас, бизге митингге чыккан аялдарды кубалаган беткапчан «жигиттер» жакпайт, ырас, “чорочулардын чочосу тырнактай” өңдүү плакаттарды көтөргөн “либералдык баалуулуктардын” ээси болгон жаштар бизге жакпайт. Ырас, бутуна калач сүйрөп, төшүнө чейин сакал коюп, ыйман жолуна үгүттөгөн, диний баалуулуктарга чакырган, чала сабат  адамдар бизге жакпайт. Ырас, бизге эчтеке жана эч нерсе жакпайт. Көп нерсе бизди канааттандырбайт, коомубузда дүйнөтааным менен көз караш баалуулуктарынын ортосунда карама-каршылыктар орун алды.

Келгиле, өзүбүзгө өзүбүз эч кандай ач кыйкырык, куу сүрөнсүз эле суроо берип көрөлү? Качан биз быкшыган саясаттан акыл-эс саясатына өтөбүз? Качан биз курулай жасакерликтен чыныгы турмуш реалийине өтөбүз? Качан коомду люмпенизациялоодон коомду либеризациялоого, оппозициядан өзүбүздүн абийирибизге, өзүбүзгө-өзүбүз оппозиция болгон сын көз карашка өтөбүз? Көз боёмочулуктан акыйкаттыкка, өз уят-сыйыбызга, феминизмден салттуу үй-бүлө очогуна, жарандардан жаранга, наадандыктан интеллигенттүүлүккө, билимсөрөйлүктөн билимдүүлүккө, фейктен ачыктыкка, карандай массадан кара кылды как жарган ойчул массага, кемпайлыктан цивилизацияга, кайдыгерликтен жоопкерчиликке, маданият сымалдуулуктан универсалдуу маданиятка, сөздөн ишке, абийирсиздиктен абийирге өтөбүз?.. 

«Тime of truth» («время истины» – акыйкат мезгили) убактысы келди. Биз өзүбүзгө өзүбүз үңүлүп, кунт коюп тыңшайлы, убакыт закымын пайлабай, ата-бабадан мурасталган баалуулук системаларынын адамдык нарк-насилин кабылдайлы. Кайсы бир вирус менен күрөшүүгө караганда мына ушунун өзү алда канча татаал. Ал эми вирус болсо эбак эле бизди моюндап, жандүйнөбүздө отурат. Бул вирустун аты-жөнү – абийир. Ошо абийир бүгүн карантинге камалды. «Даңктын жүз добушуна караганда, таза уят-сыйыттын жалгыз үнү жагымдуураак». Бул ак сөз. Мында кыпындай болсо да чындык бар. Арийне, жаның кашайганда миллион-миллион жолу классик-генийди улай, минтип кайталап айткың келет: «Абийир – мыйзамдардын мыйзамы. Абийир – социалдык уят-сыйыт, ал эми уят-сыйыт – бул жандүйнөңдөгү абийириң»! Бу ойго эч нерсе кошо албайсың, эчтеме ала албайсың. Ашык-кеми жок. Маселе төркүнү мында, биз керт башыбыздын алдында, абийир алдында чындыктын көзүн тике карай алабызбы? Ошого даяр, ошого кудуреттүүбүзбү? Кеп удулу мына ушунда.

Менин Лондондон чыккан «Жанжаза» романымда мындай фраза бар: «Дүйнө – бул килтийген жиндикана, а биз баарыбыз ошо жиндикананын бейтаптарыбыз». Ооба, биз ушул ээнбаш, ыпыр-сыпыр дүйнөнүн «бейтаптарыбыз». Бизди кантип айыктырса болот? Бул илдеттин вакцинасы барбы? Эгерим ал вакцина болчу болсо, ал эмне деп аталат?

Ал – бар! Бул вакцинанын аталышы – адамдагы адамдык ишеним, сүйүү,   айкөлдүк, сабырдуулук жана кайрымдуулук! Жер жүзү абат дүйнөгө айланып, мындан да кооз болуусуна, биз мындан да боорукер, күйүмдүү болуубузга мына ушул адамдык баалуулуктар жардам берет! Түбөлүк жашоонун дарысы жок, а дабасы бар, ал – башыбызга кай күн түшүп, кай сыноону салбасын, кандай күн болбосун, эң оболу Адам бойдон калуу.


Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер