Казакстандын аялдар абагынын жүзү курусун! Азаптуу күндөрдү көрдүм...
Менден алты жаш улуу айылдашым Аскар алакачып кетти. Аскар шаардан окуп келген келишимдүү жигит эле. Анчалык деле каршы болгон жокмун. Көшөгөнүн артында отуруп калдым. Ошентип менин үй-бүлөлүк жашоом башталды. Экөөбүз он жыл бирге жашадык. Эки уулдуу болдук. Бир карасаң жашоо ойдогудай эле өтүп жаткансайыт. Бир карасаң азап турмуш...
Аскар көп бир тууган, анан турмуштары өтө начар эле. Экөөбүз баш кошкону канча батирге көчтүк? Болор-болбос акча үчүн канча кыйналып иштедик? Баары бир эч нерсеге жетпейт. Аскар Москвага иштеп келүүгө аргасыз болду. Алгачкы айларда жакшы эле акча салып, кабарлашып турду. Кийин түркүн шылтоолору көбөйө баштады. Жамандык жерде жатабы? Жаш кыз менен жашап алганын уктум. Өзү да мойнуна алды. “Балдарыма акча салып турам. Силерди да карайм” дейт. Эх, ушул менин тагдырым, жашоом экен! Аны менен таптакыр байланышты үздүм. Эбин-себин акчасын күтүп жашагым келбеди. Менин баардык кыйынчылыгыма күбө болуп жүргөн батир ээси “жакшы акча табасың” деп мага бир жумуш сунуштады. Айласыз анын сунушуна моюн сундум. Коңшулаш өлкөлөргө наркотик ташып иштеп баштадым. Чындап эле акчанын баары ушул жерде экен. Бат эле бутумдан турдум. Эң башкысы, үй сатып алууга да жетиштим. Байый баштадым…
Бул менин акыркы сапарым эле. “Бул жолу аман-эсен барып келсем, айлыгы аз болсо да тынч жумушка иштейм” деп өзүмө өзүм катуу ант берип сапарга чыккам. Бирок андай болбоду. Казакстандан колго түшүп, ал жактын абагында эки жылдай жаттым. Агам, эжемдер болгон аракеттерин көрүп жатышып, мени Бишкекке котортушту. Казакстандын аялдар абагынын жүзү курусун! Канчалаган азаптуу күндөрдү баштан кечирдим?.. Силерге оор болгону менен Кыргызстанга келгеним, абакта жатсам да жеңил сезилет. Азыр үйүмдү батирге берип койгонбуз. Уулдарым чоңойтуп жатышат. Тез-тез келип турушат. Эми көп азабым артта калды. Кандай кыйынчылык болбосун өтөт экен. “Жакында мөөнөтүм бүтөт, балдарымдын жанына барам” деп ар бир күн, ар бир саатымды жашап жаткан кезим...
Айжамал К.
Aryba.kg