Жалап болсо да кумарды жазат экен чиркиндики десе!
Күн сайын бир дүкөнгө барам. Бир кыздан соода кылам. Анткени, дүкөнгө соода кылуу деле максат эмес. Болгону кызды жактырып калдым, бир көргөнү барам. Ажарлуу, сулуу, өзүнө магнит сымал тартып турат. Бир айдан кийин ал кызга жакын келип “кечинде бошсуңбу?” дедим. “Уятыңыз жок экен. Эмнеге антип айтып атасыз?” деп кагып койду. Эртеси ошол эле дүкөнгө барып башка кыздан соода жасап ооп кеттим. Эки жума өттү. Тиги кыз көз кыйыгын албайт. Үчүнчү жумада адаттагыдай соода кылып атсам ажарлуу кыз мага келип, “эмнеге менден соода кылбай калдыңыз?” деди эле “Эмне, кечинде бошсуңбу?” деп ийдим. Токтоосуз “бошмун” деди. Телефон номур алыштык. Дүкөн жабылган маалда кызды тосуп алдым. Машинеме салып, шаардагы элиталык мейманканага жөнөдүм. Жолдо көп деле сүйлөшпөдүк, кыз да унчукпады. Ал жерде үч сааттан ашык болдук, төшөк кумарыбызды кандырдык. Күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Ортодо бала жок экенин айтты. Үйгө келип шепке (аялыма) “токол алам, уруксат бер” десем, “алсаң ала бер. Жанагы дүкөндө иштеген, үч күйөөгө тийип чыккан жалаптыбы?” десе болобу! Мына сага, аны кайдан билип калды? Башым маң, эмне кыларымды билбей отуруп калдым, жооп таба элекмин. Бирок, шепке караганда дүкөнчү кыз төшөктө туйлайт экен. Өзүнүн да, менин да кумарымды жазат экен, чиркиндики!..
Бостон