Жолдошбек Орозов, серепчи: “Күч органдары, сот, прокуратура коррупцияга батканы чын”


-- “Кыргызстанда 300 адвокат сотторго ортомчу болгону үчүн лицензиясынан айрылат” деген маалымат тарады. Алар лицензиясынан ажырашса эле соттор адилеттүү чечим чыгарышып, пара албай калышабы?
-- “Көч бара-бара түзөлөт” деген менен эгемендүүлүк алганы дүйнөлүк практикадагы акыйкатка, адилеттүүлүккө жетпей келебиз. Келечектен түңүлбөй, үмүтүбүздү үзбөй, алдыбызды жалжал караганыбыз менен туңгуюктан чыга албай жатабыз. Баары бүдөмүк, бир кызыктай кырдаал элди чайпап турат, эл деле кимге ишенерин билбей деңгиреп калды.
Укук коргоо, тергөө органдары, прокуратура, соттордун ортосунда адвокаттар түздөн-түз коррупциялык тутум түзгөнү чын. Ошондуктан баары биргелешип түзгөн долбоор көп жыл элдин канын ичип келди. Күч органдары, прокуратура, соттор өздөрү алгандан коркуп, артисттердин ролун аткарган адвокаттар аркылуу үзүрлүү жеп-ичип келишти. Ал адаттарын дагы деле улантып жатышат. Коррупцияга каршы катаал күрөшүүнүн жыйынтыгында бирин-серин күч органдарынан, прокуратурадан, соттордон пара алып жаткандар кармалууда. Бирок чынында алар бир канча эсе көп да...
Коррупциялык күрөштөн кооптонгондор адвокаттар аркылуу алганды адат кылып алышты. Кыргызда “уурунун көчүгү кууш” дейт. Эртеби-кечпи алар да кылтакка илинишет. Клоундун ролун аткаргандардын да доору бүтөт. Юридикалык билими жок карапайым элди каалагандай калчап, болгон мыдырын соруп алгандар да мезгили келгенде өз азабын тартышат. Айтайын дегеним, адвокаттар деле ортомчу болушуп, соттордой эле жешет. Соттор менен коррупциялашкан адвокаттарды лицензиясынан ажыратса, туура эле болот.
Адвокаттардын баарын эле жаман дегенден алысмын, арасында кесибин сүйгөн, юридикалык билими күчтүү, тажрыйбасы мол, кесипкөйлөр да бар. Менимче, артист, клоундун ролун аткарган, коррупцияга жол ачкан ошондой ортомчулардын лицензиясын алып салганы туура эле. Себеби, деңгээли күчтүү, абийири таза адвокаттар чыкса, карапайым элдин укугун коргоо да оңолот. Кээ бир учурларда билими тайкы, тажрыйбасы жоктордун айынан граждандык сот процесстери кылмыш ишине айланып кеткен учурлар да кездешет. Бирок соттордун паракорлугун жалаң эле адвокаттарга жүктөп, баардык дооматтарды аларга үйүп салуу туура эмес. Акыркы учурларда тергөө органдары, прокуратура да буюртма кылмыш иштерге жол беришип, адилетсиз камакка алган учурлар орун алууда. Эң негизгиси, сот, прокуратура, тергөө системасына кечиктирилгис реформа зарыл экени таасын эле көрүнүп калды. Сотторго абийир, акыйкат, адилеттүүлүктү орнотуу – мамлекеттеги эң орчундуу жана көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды. Ошон үчүн реформа керек.
-- Түрмөнүн ичинде жаралган айрым түшүнбөстүктөргө кимдер күнөөлүү?
-- ЖАМКда болуп жаткан кээ бир башаламандыктарга сот, прокуратура, тергөө тутумдарынын кетирген кемчиликтери да таасирин тийгизип жаткандай. Түрмөнүн өз мыйзамы бар, акыркы кылмыш дүйнөсүн кармаган Камчы Көлбаевдин өлүмү да чоң таасирин берип жаткансыйт. Камактагыларды башкарып турган “мыйзамдагы ууру” жок, ар кандай түшүнүксүз жагдайлар жаралып жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Ошондой эле ЖАМКнын койгон талаптарынан баш тартуу же мурункудай жөнгө салып турчу “уурунун” жок болгонуна байланыштуу түшүнбөстүктөр жаралышы айдан-ачык көрүнүп турат. Кыйноо же бири-бирине тукуруу күч алышы толук мүмкүн. Кылмыш дүйнөсүн башкарууга, башкача айтканда, “вор” талашка түшөрү соцтармактардагы айрым адамдар тарабынан айтылууда. Чынында ЖАМКнын иши өтө татаал, азыркы кырдаалды “жакшы” деп айтууга мүмкүн эмес.
"Азия Ньюс" гезити











