Журналисттердин этика комиссиясына жаңы жетекчилик шайланды
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга Тамара Валиева төрайым болуп шайланды.
Мурдагы төрага Шамарал Майчиев өз каалоосу менен төрагалыктан кетти, бирок комиссия курамында кала берет.
Тамара Валиева декабрдан тарта төрайым катары арыздарды кароо жараянын башкарууда. Ал ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга бейөкмөт уюмдун өкүлү катары 2012-жылдан бери мүчө. Мурда Коомдук телерадикорпорацияда (КТРК) иштеген.
Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 киши кирген комиссия коомдук башталышта иштейт жана маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.
Жыл сайын аларга саясатчылардан, коомдук ишмерлерден жана башка жарандардан ондон ашуун арыз түшөт.