Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баягы Айбашовдун байлыгы кандай жол менен келгени иликтенеби?

Баягы Айбашовдун байлыгы кандай жол менен келгени иликтенеби?

12-октябрь, 00:02
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Аябай жакшы жептир. Уксаң да, көрсөң да ыраазысың, өзүң тойгондой болуп каласың» деп илгери чоң аталарыбыз бир тайды жеген кишилер тууралуу айтып калышчу эле. Андайлар азыр деле жок эмес. Болгону заманбап «жемейге» өтүп алышкан турбайбы. 

Эсиңиздердеби, Алмазбек Атамбаевдин доорунда «Темир жол» бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын эки тизгин, бир чылбырын кармап турган Нурбек Айбашов 2018-жылдын май айында мамлекеттин казынасына 166 миллион сом зыян алып келди (!) деген күнөө менен иш козголуп, камакка алынган. Эң кызыгы, Айбашовду камап, анын үйүн тинтүүгө алганда баасы 50 миң долларлык 25 даана алтын саат чыкканы элди таңгалдырган. Ал эми жашаган хансарайына сөз жок. “Бажы тармагын бүкүлү бойдон сугунган окшойт. Бул эргулдун байлыгы менен айга эле барып жашасаң деле болчудай” деп жакабызды кармаганбыз. Айбашовдун көпкөндүгүн ушундан билиңиз, кызматтык формасын Италиядан тиктирип кийчү экен. Мына эсиргендиктин анык жүзү! Жалаң айлыкка жашап келген Айбашов бул байлыкка кантип жеткени сокурга деле көрүнүп турса да, камактан бат эле бошонуп кеткен. Азыр тойдон-тойго барып тайраңдап жашап жүргөнүчү? Кызык. Эми да болсо ушул Айбашовдун артын казып, байлыгынын кандай жол менен келгенин бир иликтеп койсоңор, мамлекетке кыйла каражат түшөт беле?  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер