Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Декларацияда мүлкүн жашырып койгон кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды

Декларацияда мүлкүн жашырып койгон кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды

19-декабрь, 13:21
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2019-жылдын башынан бери декларация жөнүндө мыйзамдын бузулганы тууралуу 800дөн ашык акт түзүлүп, 937 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. 

Кызматкерлер негизинен кирешелерин, мүлктөрүн көрсөтүүдө мыйзам бузганы такталган. Алар ошондой эле декларацияларын мыйзам бекиткендей мөөнөттө толтурбаганы, толук эмес же туура эмес маалыматтарды киргизгени жана менчик түрүндөгү юридикалык жакта ээси же жетекчиси катары катталганы көрсөтүлбөгөнү аныкталган.

Декларациясын толтурууда мыйзамды аткарбаган мамкызматкерлердин маселеси Башкы прокуратуранын демилгеси менен өтүп жаткан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын Координациялык кеңешинин 19-декабрдагы жыйынында да көтөрүлдү.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамына мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энеси, жубайы, балдары, бир туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлктөрү тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Маалыматты жашырган декларанттар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендерден жалпы 49 миңдей адам декларация тапшырат.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер